www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түштүк Кореянын жаңы президенти Мун Чжэ Ин бүгүн ант берди.

64 жаштагы либерал президенттик кызматка киришип жатып, Корей жарым аралындагы коопсуздук кризисин жөнгө салуу боюнча токтоосуз түрдө иш алып барарын айтты. “Керек болсо Вашингтонго, Пекинге жана Токиого жөнөйм, эгер шарт болсо Пхеньянга дагы барууга даярмын”– деди ал.

Бийликтеги боштукту толтуруу үчүн Мун Чжэ Ин ири кадрдык өзгөрүүлөрдү тез эле жасай турганы күтүлүүдө.

Кореянын мурдагы президенти Пак Кын Хе коррупциялык жаңжалдан кийин отставкага кетүүгө аргасыз болгон.

Мун Чжэ Ин өлкөнү коррупциялык жаңжалдан сууруп чыгууну убадалап, Түндүк Кореядагы өзөктүк программанын өнүгүшүн токтото албагандыгы үчүн мурдагы администрацияны сындады.

Түштүк Кореяда шайлоочулар 20 жылдан бери алгачкы жолу өтө жигердүүлүгүн көрсөтүштү. Мун 41,1 пайыз добуш топтосо, консерватор талапкер Хон Жунпхёго шайлоочулардын 25,5 пайызы ишенимин билдирди.

Булак:"centralasian.org"

Последние новости