www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

БОЛГОН ОКУЯ:

Эл арасында жакшы туш көргөн адамга: Тушуң туш болбой эле туш келсин ",-деп айтылат эмеспи. Эмесе аян туш аркылуу өзунун өмурлук жубайына жолуккан замандашыбыздын баянына көңүлүңүз- дөрдү бурмакчыбыз.

-Жашоонун өзү түгөнбөгөн табышмак окшойт. Табияттын сырдуу кереметтерине туш кылган окуялар башыңдан өтпөй койбойт экен. Анда үйлөнө элек кезим болчу. Өзүм бир үй-бүлөнүн улуу баласы болгондуктан ыймандуу колукту издеп жүргөм. Бир күнү үйдө жалгыз калганымда кыялым дагы колуктумду элестетип койгом.

Ошондо кулагыма кимдир бирөөнүн:

-Сен бүгүн аян түш көрөсүң. Түшүндө келечектеги колуктуңа жолугуп атын билип аласың. Экөөң башка эч нерсе сүйлөшпөйсүңөр. Анын жүзүн жакшылап карап алгын. Анын каяктык экенин түшүндө уккан музыка аркылуу билесиң. Эгер жакшы эстеп калсаң анын элеси силер жолуккуча эч көз алдыңдан кетпейт. Бул түшүң жөн түш эмес,-деген сөзүн укканымда кадимкидей чочуй түшкөм. Ал күнү үйдө өзүм жалгыз болчумун. Анан кечинде тамак ичип бүткөндөн кийин сыртка чыгып таза абадан жутуп, бир аз сергип келип төшөгүмдү салып телевизор көрүп жаткам. Кайсы маалда уктап кеткеним-ди билбейм. Түшүмдө көздөрү бакырайган, кашы кара сулуу кызга жолугуп жатыптырмын. Экөөбүз кездешкенде Санавар деп атын айтты. Аңдан кийин эч сүйлөшпөдүк. Ошондо кулагыма тажиктердикине окшогон музыка угулганда ойгонуп кеттим. Ойгонгон соң бул кыз Баткен тараптан окшойт деп жөн эле ойлоп койгон элем. Мына ушул окуядан кийин түбөлүк жан шеригимди жакын арада тапчудай болуп толкунданып жүрдүм. Бир күнү жумушта отурсам студент кезде жатаканада чогуу жашаган баткендик Равшан деген досум издеп келип калды. Менин жумуштагы дарегимди шаардагы группалаштарымдан сураптыр. Равшан экөөбүз бир сыйра ал-жайыбызды сурашып бүткөн соң мени сыртка ээрчитип чыгып машинасына отургузуп:

-Досум буга чейин үйлөнбөй жүргөнүңө таң калып жатам. Сен сөзсүз үйлөнүшүң керек. Мен окууну бүткондөн кийин айылга барып үйлөнгөм. Азыр үч баланын атасымын. Бүгүн сени аяшың менен таа-ныштырам. Биз бул жактагы акемдин үйүн карап бир жумага чейин болобуз. Ал үй-бүлөсү менен кечээ айылга кетти. Эмесе сен суранып чык. Азыр эле үйгө кете берели,-дегенде эмнегедир жүрөгүм жакшылыктын жышаанын сезгендиктен шефке жолугуп жумуштан суранып чыктым.

Анан экөөбүз акесинин үйүнө баргандан кийиң дасторкон үстүндө өткөн күндөрдү эскерип кызуу сөзгө кирдик. Арадан эки сааттай убакыт өткөн соң үйгө башына ак жоолук салынган татынакай келин менен көздөрү бакырайган сулуу кыз ээрчишип кирди. Ошондо сулуу кыз эмнегедир көзүмө жылуу учурап жатты. Акыры аны кайдан көргөнүмдү эстедим. Көрсө, көптөн бери элеси көз алдымдан жүргөн баягы түшүмдөгү кыз экен. Равшан ордунан туруп:

-Досум таанышып ал. Бул менин колуктум Марапат. Ал эми жанындагы сулуу кыздын аты Санавар. Санавар менин эн сүйүктүү бир тууган балдызым болот,-деди ал тууралуу баса белгилеп.

-А менин атым Нурдин,-дедим оозумду эптеп кыбыратып. Дасторкондо отурганда Санавар экөөбүздүн көздөрүбүз чагылыша түшкөндө жүрөгүм кабынан атып чыкчудай болуп туйлап жатты. Ошентип түшүмдө көргөн колуктум экөөбүздүн жылдызыбыз келишип калгандыктан акыры жүрүп үйлөндүк. Кудайга шүгүр, экөөбүз беш балалуу болуп бактылуу жашап атабыз. Ал эми мага колуктум тууралуу маалымат берип карааны көзүмө көрүнбой, үнү кулагыма угулган бейтааныш адамдын ким экендиги мага табышмак бойдон калды. Табышмак...

Эдил Темиров

Булак: Шамбала

Последние новости