www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаардык мэриясы туура эмес жерге таштанды ыргыткандарды көргөндөр кайда кайрыла аларын айтып, керектүү телефон номерлерди жарыялады.

Мэриянын маалымат кызматы ар кайсы жерде жаткан акыр-чикирди көрүп калгандар болсо да кабарлап коюуну өтүндү.

"Мындай учурларды үй, квартал комитеттеринин башчыларына жана жергиликтүү аймактык башкармалыктарга кабарлап коюңуздар", — деп айтылат билдирмеде.

Мэрия соцтармакка жарыялагандан көрө чалып айтылган маалымат шаардык кызматтарга бат жете турганын кошумчалады.

Андан сырткары, шаардыктар сall-борбордун 1840, 1850 номерлерине күнү-түнү чалса болот. Ошондой эле (0554) 18-21-85 номерине сүрөт, видео жөнөтө алышат.

Ар бир арыз катталып, атайын кызматтарга тапшырыла турганы белгиленди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости