www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түндүк Корея дипломатиялык кысымдарга карабастан ракета сыноолорун тыйбай жатат.

Пхеньян бийлиги, жаңы өнүктүргөн зениттик-ракеталык системасын сынады.

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын, сыноону өзү байкап жатты.

Жаңы зениттик-ракеталык системасынын сыноо видеолору мамлекеттик телеканал тарабынан түз эфирде көрсөтүлдү.

Ким, сыноодон кийин жаңы курал системасынын сериалуу түрдө чыгарылышына буйрук бербди.

АКШ да Түндүк Кореянын материктер аралык баллистикалык ракета сыноосун карап турган жери жок.

Трамп бийлиги да алдын алуу үчүн ракеталык коргонуу системасын сыноого даярданууда.

Пландалган сыноонун алдыбыздагы аптада жасалышы күтүлүүдө.

Бул учурда Түндүк Корея дагы бир жаңы баллистикалык ракетасын сынады.

Американын Тынч океан күчтөрү командирлиги, кыска аралыкка учуучу ракетанын Түндүк Кореянын Вонсандагы аба базасынан учурулганын жана 6 мүнөттөн кийин Япон деңизине түшкөнүн жарыялады.

Япония жана Түштүк Корея, Түндүк Кореянын сыноосунун Бириккен Улуттар Уюмунун коопсуздук кеңешинин чечимдерин ачык эле бузганын жарыялашты.

Япониянын премьер-министри Синдзо Абэ, Түндүк Кореянын акыркы ракета сыноосу тууралуу буларды айтты: «G7 саммитинде Түндүк Кореянын эл аралык саясат үчүн эң чоң маселелеринен бирөөнү түзүп койгонун кабыл алдык. Түндүк Кореяны баш тарттырыш үчүн АКШ менен бирге кыймыл кылабыз».

Италияда аптанын акырында өткөн  G7 саммитине катышкан АКШнын президенти Дональд Трамп менен Япониянын премьер-министри Синдзо Абэнин жолугушуусунда Түндүк Кореянын атомдук курал программасы да күн тартипке келди.

Дональд Трамп: «Бул чоң маселе. Бул дүйнөлүк маселе жана чечилиши керек. Тигиндей же мындай чечилет. Бул туурасында мелдеше аласыздар»,-деп айтты.

Булак: "trt.net.tr"

Последние новости