www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Айтса эле ажылдап жаман көрөсүңөр"...деген пикирин журналист Тынчтык Алтымышев өзүнүн Фейсбук баракчасына жазып чыкты. 

Ага кошумча, "Мыйзамдуу талаада кетели, шерменде болбойлу, туура эмес кетип баратабыз, легитимдүү Президент тура турсун, парламент таза шайлоо үчүн даяр мыйзамды 3 окуудан кабыл алып берип тарасын, адилеттүү, акыйкат шайлоого барып келели, жаңы парламент Президентке импичмент жарыялап, парламентаризмдин күчүн көргөзсүн, керек болсо, Президенттикти жоелу, татыктуу адам өкмөт башчы болсун..." деп далай жаздым, колдоочулар аз, каршылар көп болуп, ажылдап, ажаан катынча беттен алып, "мыйзамыңды нахх... Бул жагы сонун болуп атат, тимеле укмуш баратабыз, нака элдик бийлик түзүп таштадык, Кудай өзү аттап-тондоп жөнөткөн жол башчыга даңк эле дүңк" деп туура 20 күн дүңүлдөп, даңылдап аттыңар. Төңкөрүштүн инерциясынан чыгалбай, эми дартты эмоция ээлеп турду. Адекваттуу ойлорду деле ататтырган жоксуңар...

Билерман кишибиз болсо, бир короо тарапташтарына таянып алып, бийликти бир колго топтоду. Он күнчө отуруп алып масала чечимиш болду да, эми "кетем, Президенттик шайлоого барам, жеңсем келем, жеңилсем калам...",-деп билдирди. Эч нерсе болбогондой. Кудая тобо!!! Эми ушул кантип болсун?! Шайлоого бара турган болсо, абактан чыккандан эле аттанып кетпейт беле?! Элдин ишеничин, мамлекеттин тагдырын эми кимге таштап кетенчиктегени турат?! Бир эле Президенттикке жетиш үчүн ушунча саясий чайкоочулукка барабы?!

Килейген Конституцияны кенедей конституциялык мыйзамга "зордуктатып", БШК мыйзамдуу жарыяланган парламенттик шайлоону сот менен тосмолоп, өзүн абактан чыгарууга шарт түзгөн 9 партиянын "таза шайлоо өтсүн" деген талабын укмаксанга салып, "төө кыядан өттү, мен эми мен эмесмин, башкамын" деп, тескери секиреби?

Ал киши андай эле элдик лидер экен, өзүн тазалап алган Нельсон Манделла экен, мекенчил экен, а дегенде күчтүү командасы менен парламенттик шайлоодо жеңип келип, өкмөттү курап, Кытай сепилиндей бекем коалицияны түзүп, андан кийин кыялындагы Кыргызстанды куруп алганда не, аттиң...

Бирок, азыр да кеч эмес. Кечээ, ыплас шайлоодо утулуу ызасына муунуп, мыйзамсыз тепсендиде калган 9 партия, ошондой эле "биз билгенбиз" деп, шайлоого катышпай, өзүн таза кармап калгансыган саясий күчтөр тез арада биригип, мамлекетти мыйзамсыздыктан кайтарып алууга аракет жасашы керек.

Бүгүн өлкө өпкөсүн кагып араң эле турат. Бир жагынан пандемия, бир жагынан экономикалык кризис кычкачтай кысып турган маалда, кычап саясий туруксуздук, "өзүм билем" деген ураандуу көчө баскынчылык саясаты күчөп кетти. Мамлекеттик органдар баш аламан иштеп баштады. Бирөөлөр жетекчисин тааныбай жатса, бирөөлөр дайындалган жетекчилерди отурган жеринен жулка тартып, "мен болом, сен кет" деп, немистерди жеңип келген кызылармиячылардай кыйкырып турган кербези.

Ооба, бүгүн бу кишини эл колдоп, журт бата тартып тиленип, каалап жатат дейли. Бирок, эртең ал киши Президент болуп келгени эмне өзгөрөт. Кайра эле мурдагыларга окшоп мыйзамсыз башкарууга өткөнү жатпайбы. Болбосо, биротоло мыйзамды Парламентаризмге багыттап өзгөртүп, Президенттен УКМК менен Прокуратураны ажыратып берип, аппаратын жоюп туруп бармак да. Эртең эки досу эки колтугунан жөлөп, көз кысканда жүгүрө кызмат кылбайт деп ким кепилдик бере алат?!

Кадрдык калпыстыктарды айтпай эле ак коёюн. Кээ бир коррупция уялап жаткан жерлерге атайылагансып тийбей,адилет башчылардын койбой, тескерисинче, иштеп, аракет кылып жаткан облус, район жетекчилерин аңтара чаап атканыңарды көрмөксөн эле болоюн...Деги, Кудайым кыргызга сыноолорун азыраак, жакшылыгын көбүрөөк ыроолосо экен! - деп жазган журналист Тынчтык Алтымышев. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости