www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чиркешович Адахан Мадумаровго болушумуш болуп, бирок, күнөөсү бар экенин астейдил эскертип өткөндөй эле таасир калтырды. Мындай пикирин журналист Тынчтык Алтымышев өзүнүн Facebook баракчасына жазды.

Кечээ саясатчы Өмүрбек Текебаев Адахан Мадумаровдун айланасындагы иштерге токтолуп, өз пикирин билдириптир. Соцтармактарда анын маегин массалык түрдө бөлүшүп, "Акыйкат айтыптыр", "Мадумаровду мыкты актаптыр", "Ушундай эле болмок" палан-пастан деп коштогондор, баягы эле ишенчээк бала кыял элибиз.

Маекке жакшылап маани берсек, Өмүкө Адахан мырзаны түпкүрүндө актабай эле жайлап коюптур.

Биринчиден, ал 2009-жылдагы "протокол" боюнча кылмыштын мөөнөтү өтүп кеткенин жүйө келтирип, "бул иш боюнча азыр кылмыш ишин козгоо мыйзамсыз..." дейт. Муну менен саясатчы Адахан Мадумаровго чындап эле кылмыш ишин козгоого негиз бар экендигин, жер боюнча Мадумаровдун күнөөсү бар экендигин кыйыр түрдө тастыктаптыр. Бирок, мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу гана кылмыш ишин козгоо мыйзамсыз болуп калган деп чечмелейт. Демек, ал Мадумаровдун чек ара мамелесиндеги ролун жокко чыгарбайт.

Экинчиден, "Ата мекен" партиясынын лидери Мадумаров кол койгон протокол парламентке келгенин, ошондой эле протоколго экс-министр Нурлан Сулайманов кол койгонун айтып, экөөнү тең бирдей жоопкерчиликке тартуу туура болоорун айтат.

Демек, Нурлан Сулаймановго да кылмыш иши козголушу керек болуп жатса, анда протоколдун маанилүү документ экендигин парламентке чейин келген мыйзамга тиркелген күчү барын, тажик тарап буга бекеринен чапташып жатпаганын тастыктайт.

Жыйынтыгында, Чиркешович Адахан Мадумаровго болушумуш болуп, бирок, күнөөсү бар экенин астейдил эскертип өткөндөй эле таасир калтырды. Кайран Өмүке бир ок менен эки коёнду "тырс" эттирди. Адахан мырзаны дагы карыз кылып койду окшойт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости