www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Борбор Азияда электр энергиясынын өчүрүлүшүнө Кыргызстан тараптан мүчүлүштүк кеткен жок. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров маалымат берди.
"Жарыктын өчүп калышына биз тараптан эч кандай мүчүлүштүк кеткен жок. Биз аны көрсөтүп да, далилдеп дагы бере алабыз. Азырынча Казакстандан же Өзбекстандан кеткенин айта албайбыз", — деди Жапаров.
Мындан сырткары, ал авариянын себебин аныктоо үчүн мамлекеттер аралык комиссия иштей турганын белгиледи.
Белгилей кетсек, бүгүн саат 12:00дөн кийин Кыргызстандын бир нече аймагында электр энергиясы өчүп калган. Көп өтпөй Өзбекстан менен Казакстандын дагы айрым аймактарында жарыктын өчкөнү айтылды.
Борбор калаада электр жарыгынын артынан суу да өчтү. "Бишкек суу канал" ишканасынын маалымат кызматынан билдиришкендей, электр жарыгы өчүрүлгөндүктөн насостук станциялар да иштебей калды.
Булак: NazarNews.kg