www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Үзгүлтүккө учураган жарык – энергетикадагы жоготуу. Мындай пикирин журналист Элнура Алканова өзүнүн Facebook баракчасына жазды.
«Үзгүлтүккө учураган жарык – энергетикадагы жоготуу
Электр энергиясынын үзгүлтүккө учурашы күтүлгөн көрүнүш болчу. Жарык бир нече сааттап бүгүн болбосо, эртең өчмөк. Бул жолу энергошакекчеге байланыштуу болду. Мындан тышкары суунун аздыгына байланыштуу мындай кырдаал кайра кайталанбайт деген кепилдик жок.
Алдын ала эсептөөлөр боюнча, өлкөдө саатына болжолдуу түрдө 1 миллион 200 киловатт/саат электр энергиясы колдонулат. Аварияга байланыштуу бир саатта 1,5 миллион киловатт/саат электр энергиясы жоготууга учурады. Бул бизнес менен социалдык объектилерде колдонулуучу электр энергиясын эсепке албаганда. Мындай учурда аталган тармактар күйүүчү май менен иштей турган генераторлорду пайдаланат. Бирок аны пайдалануу экономикалык жактан алып караганда электр энергиясына салыштырмалуу кымбат түшүп калат. Тагыраак айтканда, генератор аркылуу алынган жарыктын 1 киловатт/сааты 27 сомдон айланат.
Кырдаалды алдын алуу үчүн жок дегенде 4-5 жыл мурда эле электр энергиясын алуунун кошумча булактарын ишке киргизүү керек болчу. Азыр анын жемишин көрүп калмакпыз. Энергетика министрлигинин түзүлгөнүнө бир жыл болуп калды. Бул убакыттын аралыгында тармакка келген жетекчилеринин электр энергиясын алуунун кошумча булактары боюнча конкреттүү долбоорлорун көрө алган жокпуз. Бирок эч болгончо кеч болсун. Бул багыттагы ишти эртеңкиге калтырбай, бүгүн башташ керек. Ооба, кичи ГЭСтерди куруу боюнча иштер жүрүп жаткандыгы боюнча маалыматтар бар. Бирок күндөн шамалдан электр энергиясын алуу боюнча иштерди тездетүү шарт. Муну менен катар боимассаны колдонуу дагы Кыргызсан үчүн өтө ыңгайлуу. Кыргыз илимпоздору биомассадан газ алуу боюнча илимий иштерин жактап, бизге даярдап берген. Кыктан көгүлтүр от өндүрүп, аны менен бир айылдарлын 30 пайызын камсыз кылуу мүмкүнчүлүгүбүз бар.
Сөз соңунда кыргызстандык энергетиктерге ыраазычылык бидирем. Алар эки сааттын аралыгында электр энергиясын калыбына келтирди. Бизге жектен маалыматтар боюнча, Казакстанда жарык бериле элек», - деп жазган ал.
Булак: NazarNews.kg