www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Профессор Тынчтыкбек Чоротегин кыргыздар тууралуу оюн жазып чыкты. 

"Чала сабат “тазачылдарга”

Эң таза кыргыз – Семетей. Атасы – Манас. Энеси – Букар ханынын кызы Каныкей. Семетейдин ДНКсын текшерип көргүлө.

3000 жылдык тарыхында кыргыз уулу кимге гана үйлөнбөгөн!

Эне тил болсо – кыргыз тил.

Бекеринен “курама жыйып журт кылдым” деп айтылбаса керек!

XXI кылымда кыргыз улуту дагы далай этностордун өкүлдөрүн өзүнө ширелтет.

Элибиздин ДНКсы чала сабат “арийчилер” туула электен миңдеген жылдар мурда эле татаал мозаикага айланган.

Эч бир дубан, өрөөн мындан четте калган эмес.

Бабаларыбыздын бөлүктөрү Манчжуриядан Кырымга, Кичи Азия, Эдил-Оролго чейин чачыраган экен. Анан биз “таза” калабызбы?

Этностук, улуттук, мекенчилдик рух ДНК белгиси менен өлчөнбөйт.

Этнолог катары кыстармам ушул", - деп жазган  профессор Тынчтыкбек Чоротегин

Булак: NazarNews.kg

Последние новости