www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тышкы иштер министрлигине Аликбек Жекшенкулов келеби?

Руслан Казакбаев Кыргызстан үчүн эң мыкты кризис-менеджер болуп берди. Былтыр октябрь тополоңунан кийин келип, жакынкыалыскы кошуналарды кыдырып, мамлекеттин кызыкчылыгын жактап, элибиздин намысын сактап берди. Руслан Казакбаев эң мыкты дипломат жана чебер профессионал экенинде шек жок.

Бирок, келерки шайлоодон кийин президент командасын жаңыртам (!) деп ниет кылса, мурун министр болуп иштеп берген Аликбек Жекшенкуловдон мыкты кадр таба албаса керек. Эмнегедир былтыр бул кишини Сооронбай өтө туура эмес, ак жеринен иштен алып койгон, кыжырды кайнатып. Жекшенкулов ага териккен жок.

Бирок азыркы абалда тышкы саясатты терең түшүнгөн жана эл аралык чөйрөдө авторитети бар министр келбесе, мамлекетибиз мындан да кыйналары ансыз деле белгилүү. Аликбек Жекшенкуловдун талапкерлиги жаңы министрликке көрсөтүлүшүн жалпы элибиз дагы, элита чөйрөсү да чыдамсыздык менен талап кылууда.

Булак: Азия News гезити

Последние новости