www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын тышкы карызынын жалпы көлөмү 2017-жылдын соңуна карата 4 миллиард 80 миллион долларды түздү. Бул тууралуу бүгүн Эсеп палатасынын басма сөз кызматы билдирди. Бул тууралуу Азаттык маалымдады.

Мекеме тараткан маалыматта бул сан ички дүң өнүмгө карата 53,9% түзөрү, карыздар өз убагында төлөнүп жатканы айтылат.

Көп тараптуу насыялардын 89% Дүйнөлүк банкка, Азия өнүктүрүү банкына жана Эл аралык валюта фондуна туура келет.

Ал эми эки тараптуу келишимдер боюнча алынган карыздын 90% Кытайга, Орусияга жана Жапонияга төлөнүшү керек.

Былтыр тышкы карызды төлөөгө 157 миллион доллар жумшалган, эки тараптуу макулдашуулар боюнча эң көп каражат Кытайдын Импорт-экспорт банкына төлөнгөн. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости