www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Коронавирус менен күрөшүү боюнча ыкчам штабдын кезектеги отурумун өткөргөнүн өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, өлкөдө эпидемиологиялык кырдаал туруктуу.

Байсалов өкмөт мамлекеттик чек араларды жабууга каршы экенин, буга байланыштуу коронавирустун жаңы "омикрон" штаммынын өлкөгө киришин жана жайылышын алдын алуу чараларын күчөтүү керектигин белгилеген.

"Жакынкы күндөрү өлкөгө киргендер тууралуу маалыматтар электрондук түрдө катталып баштайт. Ошондой эле Саламаттык сактоо министрлигине сырттан келгендердин ПЦР-тестинин жарамдуулугун 72 сааттан 48 саатка чейин кыскартуу маселесин карап чыгуу тапшырылды", — деп жазылган маалыматта.

Эмдөөнүн жүрүшү тууралуу да кеп болгон. Ысык-Көл облусу вакцина алгандардын көрсөткүчү боюнча акыркы жумада биринчи орунда турганы белгиленет. Ошол эле учурда күч түзүмдөрү менен мамлекеттик кызматкерлердин арасында эмдөөнү тездетүү керектиги айтылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости