www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эмделбеген жарандарга вакцина алгандыгы тууралуу сертификат саткандыгы үчүн 4 башкы дарыгер кызматынан бошотулуп, 2 медайым боюнча материалдар укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

«Бир медайым жеринде кармалды. Дагы бирөө ЖМКга маалымат жарыялангандан кийин Түркияга учуп кеткен. Баары күнөөсүн мойнуна алды», - деди ал.

Бейшеналиевдин айтымында, ал №1, №2, №19, №17 бейтапканалардын башкы дарыгерлерин кызматтан алган.

«Жакында башкы дарыгерлер менен онлайн жыйын болот. Эгерде эмдөөдөн өтпөгөн адамга справка берилсе, анда мен биринчи кезекте башкы дарыгерди, анын орун басарларын кызматтан алам. Ал эми күбөлүктөрдү ким берген болсо соттолот», - деди министр.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости