www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин кээ бир жеринде үч күн бою газ жок болот

13-15-декабрь аралыгында Бишкектин кээ бир аймактарында газ жок болот. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" ишканасы билдирди.

Маалыматка караганда, бул күндөрү 1971-жылы эксплуатацияга берилген эски газ түтүгү оңдолот. Компаниянын кызматкерлери Карагай жана Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилишиндеги жер алдындагы орто басымдагы өткөргүчтөн газдын сызылып чыгуусун токтотушат.

Буга байланыштуу Тоголок Молдо, Саадаев, Ала-Арча дарыясы, ЧЧК, Көлмө конушу, Салам-Алик, Щербаков көчөлөрүнүн чектешкен аймактарында көгүлтүр от берүү үзгүлтүккө учурайт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости