www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам берди

Бишкекте Орусиянын Кыргызстандагы элчиси жана Кыргызстандын эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министринин катышуусунда Орусиянын буудай уну түрүндөгү азык-түлүк жардамын тапшыруу аземи болуп өттү.

“Бүгүн жүктү тапшыруу аземи Орусиянын республикадагы элчиси Николай Удовиченко менен Кыргызстандын эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министри Кудайберген Базарбаевдин катышуусунда өттү”, — деп айтылат Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин билдирүүсүндө.

Элчиликтин маалыматына караганда, азык-түлүк муктаж үй-бүлөлөргө максаттуу бөлүштүрүүгө арналган.

Бул долбоор Орусиянын 2020-2021-жылдарга БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасына 9 миллион доллар өлчөмүндөгү ыктыярдуу максаттуу салымынын алкагында ишке ашырылууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости