www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан 2022-жылы тышкы карызды төлөө үчүн 26,6 млрд. сом жумшайт. Бул тууралуу бүгүн, 10-декабрда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында финансы министри Алмаз Бакетаев билдирди.

"2023-жылы тышкы карызды төлөөгө 34 млрд., 2024-жылы 38,8 млрд. сом бөлүү пландалган", - деди министр.

Бакетаевдин айтымында, мамлекеттин ички карызын тейлөөгө 2022-жылы 12,7 млрд. сом, 2023-жылы 13,5 млрд., 2024-жылы 18,8 млрд. сом бөлүү каралган.

Ошондой эле, 2022-жылдын республикалык бюджетинин такталган тартыштыгы 9 ,1 млрд. сом деп болжолдонууда. Бул ички жана тышкы булактардын эсебинен жабылары айтылды.

Эске салсак, буга чейин Кыргызстан Кытайдын Экспорттук-импорттук банкы менен карызды төлөө мөөнөтүн жылдыруу тууралуу сүйлөшүү жүргүзүп жатканы маалымдалган. Эгер маселе чечилсе 51,1 млн долларды төлөө мөөнөтү узартылат.

Соңку расмий маалыматка караганда, Кыргызстандын мамлекеттик карызы быйыл жыл ортосунда 416 млрд. сомдон (4 млрд. 921 млн. доллар) ашты, бул сумманын 85% тышкы, 15% ички карыз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости