www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айрым энергокомпаниялардын жетекчилери жана башкармалыктардын башчылары электр энергиясын белгиленген чектен ашыра колдонуп жатат. Бул тууралуу Улуттук энергохолдинг кабарлады.

Улуттук энергохолдингдин тапшырмасы менен энергокомпаниялардын, түзүмдүк бөлүмдөрдүн жана райондук тармактык ишканалардын жетекчилеринин электр эсептегичиндеги көрсөткүч текшерүүгө алынган.

"Мындай көрүнүштөр тармакка көлөкө түшүрүп, энергетика системасынын туруктуу иштешин камсыз кылган ар бир адамдын абийирине жана кадыр-баркына шек келтирип жатат", — деп жазылган маалыматта.

Кызматкерлерге ишинен бошотууга чейинки дисциплинардык чара көрүлөрү белгиленди.

Ноябрда "Түндүк электр" кыргызстандыктардын эсептегичине электр энергиясын керектөө кубаттуулугуна чектөө койгон. Бир фазалуу абоненттерге 5 киловатт, үч фазалууларга 10 киловаттка чейин чек коюлган. Энергокомпания Бишкек, Чүй жана Талас облустарын тейлейт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости