www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Россиянын Тюмень шаарында 5 жаштагы кызды алып кетүүгө аракет кылган деген шек менен кармалган 44 жаштагы жаран сотто күнөөсүн мойнуна алып, кылган ишине өкүнөрүн билдирген. Бул тууралуу аймактык сот тутумунун бириккен басма сөз кызматы маалымдады.
Маалыматка караганда, окуя 28-май күнү болгон. Шектүү көп кабаттуу үйдүн кире беришинде кызды күч менен ээрчитип кетүүгө аракет кылган.
Окуя боюнча кылмыш иши козголуп, соттун чечими менен шектүү эки айга камакка алынды.
Социалдык тармактарга тараган видеокөзөмөл камераларынын жазууларында эркектин кызды көтөрүп баратканы, ал эми кыз жардам сурап каршылык көрсөтүп жатканы көрүнөт.
Шектүүнүн аракетин эки өспүрүм байкап калып, жакын жерде жүргөн аялды жардамга чакырышкан. Аял дароо окуя болгон жерге барып, кызды алып чыгып калган.
Кызды сактап калган аялдын айтымында, ал коңшу короодон өтүп бара жатып балдардын кыйкырыгын угуп калган. Өспүрүмдөр кызды алып кетүүгө аракет кылган адамды токтотууга аракет кылышкан.
Учурда окуя боюнча тергөө иштери уланууда.
Балдардын коопсуздугу боюнча адистер ата-энелерди жашы жете элек балдарды көзөмөлсүз калтырбоого жана бейтааныш адамдар менен байланышуу коркунучтары тууралуу түшүндүрүү иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүүгө чакырышат.