www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 1-июнда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков мамлекеттик органдардын жетекчилери менен жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Жыйында Кыргызстанда өтө турган маанилүү эл аралык иш-чаралар — Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммити жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жүрүшүндө коомдук коопсуздукту камсыз кылуу маселелери каралды.

Ошондой эле туристтик сезондогу коопсуздук чараларын күчөтүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер талкууланды.

Кеңешменин жүрүшүндө Ички иштер министрлигинин жана башка тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү коомдук тартипти сактоо, туристтердин коопсуздугун камсыз кылуу жана жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат беришти.

Жыйындын жыйынтыгында тиешелүү мамлекеттик органдарга коомдук, туристтик жана жол коопсуздугун камсыздоо боюнча өз убагында жана ыкчам чараларды кабыл алуу тапшырылды.

Последние новости