www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Үч депутаттын кол тийбестигин карачу комиссия түзүлдү

Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров жана Бакыт Жетигеновдун кол тийбестигин ажыратуу сунушун иликтөөчү депутаттык комиссия түзүлдү.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев аталган эл өкүлдөрүн кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүүнү сураган. Анын сунуштамасын кароо үчүн комиссиянын курамына жети депутат кирди. Алар төмөнкүлөр:

  • КСДПдан Евгения Строкова;
  • "Республика Ата-Журт" фракциясынан Авазбек Абдугапаров;
  • "Кыргызстан" фракциясынан Алмаз Токторов;
  • "Кыргызстан" фракциясынан Канат Исаев;
  • "Өнүгүү" фракциясынан Тазабек Икрамов;
  • "Бир бол" фракциясынан Мамасадык Бакиров;
  • "Ата Мекен" фракциясынан Эмил Токтошев.

Комиссиянын курамына кирген эл өкүлдөрү бир айлык мөөнөттүн ичинде иликтеп, парламентке баяндама жасашы керек. Андан соң кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү же бербөө маселеси добуш берүү менен чечилет.

Буга чейин да 27-ноябрда эл өкүлдөрүнүн кол тийбестигин алуу боюнча ЖКнын кезексиз жыйыны пландалып, кворум жоктугунан өтпөй калган.

Белгилей кетсек, Жээнбеков менен Зулпукаров үстүбүздөгү жылдын июнь айында "Кумтөр" долбоорун ишке киргизүүдөгү коррупциялык иштерге катыштыгы бар деген шек менен кармалган. Алар учурда УКМКнын тергөө абагында. 

Ал эми Бакыт Жетигенов бийликти басып алууга белсенген деген шек менен шайлоонун алдында кармалган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости