www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Садыр Жапаров ипотекалык насыялоонун мөөнөтүн 15 жылдан 25 жылга чейин узарткан мыйзамга кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы бүгүн, 1-декабрда билдирди. Буга байланыштуу “Мамлекеттик ипотекалык турак жай насыясы жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамды Жогорку Кеңеш 2021-жылдын 3-ноябрында кабыл алган.
Мыйзам менен инвесторлордун/эл аралык донорлордун каражаттарынын эсебинен бериле турган ипотекалык кредиттердин шарттары эл аралык макулдашуулар менен жөнгө салынары каралган. Бул ипотекалык турак жай насыясынын шарттарын кыйла жеңилдете турганы белгиленген.
"Аталган өзгөртүүлөр жер-жерлерде жогорку квалификациялуу эмгек ресурстарын бекемдөө, эл аралык макулдашуулар менен жөнгө салына турган инвесторлордун/эл аралык донорлордун катышуусу менен иштелип чыккан турак жай программаларынын алкагында турак жайга ээ болуу үчүн шарттарды түзөт", - деп жазылат президенттин басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө.
"Менин үйүм 2021-2026" мамлекеттик турак жай программасы 2021-жылдын 16-сентябрында ишке кирген. Жаңы турак жай программасына катышкан жарандар "Жеңилдетилген ипотека" 4% менен мамлекеттик жана бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлерине жана башка категориядагы бардык жарандарга "Жеткиликтүү ипотека" аркылуу 8% менен берилет.
Мамлекеттик ипотекалык компаниядан мурда берилген ипотеканын пайызы этап-этабы менен 4-6% төмөндөй турганын президент Садыр Жапаров 23-октябрда өткөн жылдык маалымат жыйынында билдирген.
Мамлекеттик ипотекалык компания 2015-жылы элдин турак жай алуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу максатында түзүлгөн. Расмий маалыматка ылайык, 2019-жылы 712, ал эми 2020-жылы 474 адам мамлекеттен ипотека алган. Коммерциялык банктарда ипотекалык насыянын үстөгү 17-18% түзөт.
Булак: NazarNews.kg