www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ала-Арча капчыгайындагы аскадан кулап түшкөн чет элдик жарандын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты. 

15-февралда эки литвалык турист аскадан кулаган. Алардын бири Кейсак Крупский Алис бутун кокустатып алган. ӨКМдин маалыматына караганда, ал ошол эле күнү табылган. Жерге тик учак менен түшүрүлүп, ооруканага жөнөтүлгөн. Учурда дарыгерлер анын абалын туруктуу деп баалашууда. 

Ал эми экинчи альпинист Сайкаускаса Салиюсаны жети куткаруучу үч сутка издеген. Натыйжада 18-февраль күнү саат 13.30да сөөгү табылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости