www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Москва алдындагы кыйраган “Саратов аба жолдоруна” таандык Ан-148 учагынын жүргүнчүлөрү 2 миллион рублга камсыздандырылган. Бул тууралуу Орусиянын эмгек жана социалдык коргоо министир Максим Топилин билдирди.

“Бул стандарттык камсыздандыруу: 2 миллион рубль жана сөөктү жерге берүү үчүн 25 миң рублдан берилет”,– деди ал.

Орусия президентинин Приволжск федералдык аймагындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Михаил Бабич өлгөндөрдүн жакындарына Оренбург облусунун бюджетинен кошумча 1 миллион рублдан төлөнөрүн билдирди. Москва облусунун губернатору Андрей Воробьев аймактын бюджетинен 1 миллион бөлүүнү убадалады.

Жекшембиде Ан-148 үлгүсүндөгү жүргүнчү ташыган учак Москванын «Домодедово» аэропортунан Орск шаарын көздөй учуп чыккандан көп өтпөй кулап, ичиндеги 71 киши каза болду. Учак “Саратов аба жолдору” компаниясына таандык.

Маалыматтарга ылайык, учакта 65 жүргүнчү жана экипаждын алты мүчөсү болгон.

Дүйшөмбүдө Оренбург облусунда Аза күтүү күнү жарыяланды. Оперативдүү топ кара кутулардын бирин тапты.

Булак: Борбордук Азия жаңылыктары

Последние новости