www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аскер илиминин доктору, Россиянын ракеталык жана артиллериялык илимдер академиясынын президентинин орун басары, биринчи рангадагы капитан Константин Сивков үчүнчү дүйнөлүк согуш башталышы мүмкүн болгон негизги жерлерди эсептеп чыкты. «Лента.ру» сайтынын жазганына караганда, эксперттин макаласы «Военно промышленный курьер» журналына жарыяланган.

Адистин пикири боюнча, согуштук конфликттер Батыш өлкөлөрү колдогон «регионалдык карама-каршылыктардын күчөөсү аркылуу көбөйүп отурат». «Ирактын жана Сириянын аймагынын бир бөлүгүн «үзүп» алып, курд мамлекетинин түзүлүшү анын детонатору болуп калышы мүмкүн» деп болжойт эксперт. Сивков ири өлкөлөрдүн, мисалы, Түркиянын ички проблемалары анын ичинде жарандык согушту козутушу мүмкүн экенин жокко чыгарбайт.

Эксперт АКШ, Израиль, НАТО өлкөлөрү жана алардын Перси булуңундагы союздаштары Иранга каршы агрессия жасоо мүмкүнчүлүгү бар экенин болжойт. «Бул бир топ эле масштабдуу локалдык согуш болот» деп жазат адис. Мындай согуштун чыгышынын шарты катары эксперт Ирандын ракеталык-ядролук программасынын кайра жанданышын, же анын Перси булуңундагы алдыңкы өлкөлөрдүн бири, айталы, Сауд Арабиясы менен согуштук чыр-чатагынын башталышын эсептейт.

«Йемендеги согуш уланат. Африкадагы бул жана башка конфликттер өзүнүн геосаясый негизинде бир жагынан Сауд Арабиясы жана АКШ, экинчи жагынан Кытай жана Йрандын карама-каршылыгынан турат» деп эсептейт эксперт.

Сивков Ооганстанда согуш күч алып, ага Кытай тартылышы, Арктикада таасир этүү чөйрөсү бөлүштүрүлүп, Латын Америка өлкөлөрүнүн бир бөлүгү АКШнын таасиринен чыгууга умтулганынан улам да согуш очоктору пайда болушу мүмкүн экенин белгилейт.

Эксперттин пикири боюнча, Корея жарым аралыңдагы талаш аралдар үчүн Япония менен Кытайдын, Курил тил үчүн Япония менен Россилнын ортосундагы карама-каршылыктар Чыгыштагы аскердик чыңалуунун негизги булагы болуп калат.

(Интернет булактардан)

Булак: АЗИЯньюс

Последние новости