www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ XVIII кылымда Англиядан көз карандылыкты алган кул-кутандардан түзүлгөн жаңы мамлекет. Персия (Иран) падышасы Дарий  биздин кылымга чейин Искендер Зулкарнайндын (Александр Македонский) жүрөгүн түшүргөн согушчул мамлекет. Жер шарын талкалай турган ядролук согушка алып бара жаткан АКШ Персия тиреши элди кооптондуруп турат. АКШ 2015-жылы кол коюлган ядролук долбоор боюнча келишимден бир тараптуу чыгып, Тегеранга каршы санкцияларды кайрадан киргизгенден бери Персия экономикалык кыйынчылыктарга туш болгон. Акыркы болгон чуулгандуу окуялардан соң Персия да бул долбоордон чыгууга бет алды. Эгер Иран бул долбоордон чыкса 3-4 айда ядролук куралдарды жасашка үлгүрөт. Ислам дининин шиит багытын кармаган Иран “согушта өлгөндөр шейит болот” деген принципти кармашып ядролук согушка аттанышы күтүлөт.

Согушту Персия баштайбы же АКШбы?

  1. Дональд Трамп бийликке келгенде тышкы саясатта катастрофа болот, деп айрым эксперттер болжогон эле. Соңку жаңылыктарга ылайык, президент Трамп согушту каалабайт. Ал шайлоодогу үгүт иштери учурунда эле чет өлкөдөгү аскердик аракеттерди токтотуу керек деп белгилеген. Бирок АКШнын аскердик базалары бутага алынса, Трамп жооп кайтарууга буйрук бериши мүмкүн. Вашингтондун Жакынкы Чыгыштагы өнөктөштөрү Израил менен Сауд Арабия Трамптын чечимдерин колдоп жатканы менен АКШнын Европадагы өнөктөштөрү ага каршы чыгууда. Испания, Германия жана Голландия Жакынкы Чыгыштагы америкалык аскерлер менен чогуу жасаган аракеттерин толук токтотту. Буга АКШ менен Ирандын ортосундагы чыңалган мамиле себеп болду.

Кырдаалды эске алып, Персия менен АКШ согушу кандай болот деп жоромолдоо туура эмес болот. Ошол эле учурда кырдаалды 2003-жылдагы Ирактагы окуялар менен салыштыруу дагы жаңылыштык. Иран менен Иракты салыштырса болбойт. Иранга аскерлерди жөнөтүү каралган жок. Кандайдыр бир тирешүү болсо, аба чабуулу жана деңиз күчтөрүнүн аракеттери менен чектелет. Иран АКШнын аракеттерине катуу жооп кайтарат деп дагы күтүлүүдө. Бул кадам Жакынкы Чыгышты жаңжалга алып келиши ыктымал. Кошмо штаттары ушул далилдерди жүйөө кармап, аймактагы аскерлеринин санын көбөйттү жана Ирактан айрым дипломатиялык кызматкерлерин чыгарып кетти.

Дүйнөнүн ири державасы АКШ Иранга катуу эскертүү берип жаткандай: Персия же мамлекет колдогон куралдуу топтор АКШга таандык делген имарат же базаны бутага алса, Вашингтон катуу жооп кайтарат. АКШ Тегерандагы бийликти алмаштырууну көздөйт. Эгерде катаал экономикалык кысым аркылуу максатына жетпесе, аскердик аракеттерге дагы даяр.

  1. Согушту Персия башташы мүмкүн. Экинчи тарап чыңалган кырдаал үчүн Вашингтонду күнөөлөйт. Бул пикирге Трамптын администрациясын сындаган топтор жана Иран кошулат.Трамптын өнөктөшү саналган айрым Европа мамлекеттеринин лидерлери дагы колдошот. АКШ чынында Тегеранды экономикалык оор кырдаалга батырды. Эми Европа мамлекеттери келишимди урматтап, абалды өзгөртүүгө умтулбаса, Иран аргасыздан келишимден чыгарын айтууда. Кээ бирөөнүн маалыматына караганда, Иран Жакынкы Чыгыштагы америкалык базаларга чабуул уюштурууну көздөп турат.
  2. Үчүнчү вариант боюнча ортого ортомчу мамлекеттер түшүп согуш боло турган абал жөнгө салынат. Персияда көп тараптуу кризис болду. Иранга байланыштуу азыркы кырдаал бул кризистин бардык элементтерин камтыйт: эл аралык келишимдерге карата антипатия, өз кызыкчылыктарын коргоо үчүн жергиликтүү өнөктөштөргө ашыкча ишенүү, НАТО уюмундагы өнөктөштөрү менен кайым айтышуу, Вашингтондун чыныгы стратегиясын аныктоодогу кемчилик жана негизги приоритеттерди тандоодогу каталар.

Маселен, Трамп башка державалар күч алып жатканда, АКШны дөө-шаа мамлекетке айландырам деген багыт алды. Кытай менен Орусия таасирин кеңейтип жатканда, Вашингтон үчүн Иран менен тирешүү канчалык маанилүү? Тегеран менен касташуу стратегиялык кызыкчылыкка киреби? Иран чынында олуттуу коркунуч жаратабы? Кызыкчылыктарын коргоо үчүн Вашингтондун согушка баруусу керекпи? АКШдагы эксперттер "жок" деп жооп кайтарышууда. Саясат таануу боюнча адистер АКШнын базалары бутага алынса, жооп кайтаруу керек дешет. Бирок "согуш" жөнүндө сөз кылып, ага кадам таштаганы Трамп администрациясынын чоң катасы экенин айтышууда.

Сөз аягы

Кандай гана тирешүү болбосун, эки башка пикирдин азыркы абал боюнча өз далилдери бар жана көп учурда айрым фактыларды эске албай коюшат. Ошондуктан, эксперттердин көбү АКШ менен Иран согушка баратабы деп коңгуроо кагышууда. Эгер согуш башталса үчүнчү дүйнөлүк согушка айланып кетиши толук мүмкүн. Үчүнчү дүйнөлүк согуш ядролук куралдардын салгылашуусу менен аяктап, жер шарында адам калбай калышы күмөн. Бир маселени так айтып кетишибиз керек. Согушту эки тарап тең каалаган жок. Согушка "багыт" алды деп сөз кылуу дагы катачылык. Себеби бул ой саясатчылар ага "аргасыздан" барды же "окуялар өзү ошого алып барды" дегенди камтыйт.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости