www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркиядан Кыргызстанга 30миң евро жасалма акча ташып келген киши кармалды. Бул тууралуу  ИИМдин Баңгизатты мыйзамсыз айлантууга каршы күрөшүү кызматынан  билдирди.

Маалыматка караганда, Баңгизатты мыйзамсыз айлантууга каршы күрөшүү кызматы,  чет жактан жасалма акча ташып келип саткандарга каршы атайын операция жүргүзгөн. Жыйынтыгында  аталган кызмат,  мындай иш менен шугулгандан топтун бир мүчөсүн жасалмаланган 30 миң еврону сатып жаткан жеринен кармашкан.

Учурда бул факты боюнча сотко чейинки өндүрүш ачылып, кылмышка тиешелүү башка адамдарды да аныктоо үчүн тергөө жүрүп жаткандыгы айтылат маалыматта.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости