www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад шаардык сотунда 30-декабрда мас абалында башка бирөөнүн унаасын сүзүп алып кармалган сот Элмира Сулайманованын МАИ кызматкерлерине жазган арызы боюнча соттук кароо бүгүн уланды. Эң кызыгы, сот айым күнөөнү моюнуна алып, айыпты төлөөнүн ордуна кайра инспекторлордун үстүнөн арыз жазып, даттангандыгы болду.

Биринчи соттук отурумда Сариев аттуу судья процесске төрагалык кылган. Ага Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн тескөөчүсү Асылбек Мамазакиров ишенбөөчүлүк жарыялап, соттук процессти башка соттун кароосуна өткөрүп берүү өтүнүчүн келтирген. Бирок анын өтүнүчү канааттандырылган эмес.

Бүгүн мас абалында МАИ кызматкерлери тарабынан кармалган сот Элмира Сулайманованын арызын кароону судья Сариев өзүнүн кесиптеши Жалал-Абад шаардык сотунун төрагасынын кароосуна өткөрүп бергендиги маалым болду. Бул тууралуу маалымат Жалал-Абад облусттук-мамлекеттик теле-радио компаниясынын редактору Уулкан Кожоева Фейсбуктагы өздүк баракчасына жазган постунан кийин белгилүү болду.

Видео Уулкан Кожоеванын Фейсбуктагы өздүк баракчасынан алынды

Булак: NazarNews.kg

Последние новости