www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эскертүү, тамаша чыны аралаш позитив пост! Чычалап, соттоп, боктомой жок, жакса окуп, жакпаса өтүп кете бергиле ээ досторум! Ошол, кайрадан Кыргызстан чоң бурулуштун, алдында турабыз! ФБда, ТВда, баарында, «биз өзгөрүүгө, жаңыланууга барышыбыз керек, мурункулардан кутулушубуз керек, ж.б.у.с», деген эле кептер. Макул, жаңыланалы, өзгөрүлөлү, кутулалы, бирок кимди жаңылап, кимден кутулабыз? Өзүбүздөн өзүбүзбү? Бирок өзгөрүлсөк болот! Ооба күзүндө шайлоо! Чындыгында, бул шайлоо кандайдыр бир өзгөрүүлөрдү алып келчүүдөй болуп, элеттеги эл андан үмүт артып турат! «Чапкан сайын эле көз чыга бермек беле», көзүрлөр деле ойлонуп, туура кадамдарга барып эл арасынан карапайым, татыктуу уулдарын сүрөөнгө алып чыгаар деген эле ой. Бирок, негедир күздө өтүүчү шайлоого кыймыл эрте башталгандай. Шайлоо «козу карындары» айылдарда, жазгы жаанды күтпөй карды тээп жайнап чыга баштады. «Разведка боем» катуу жүрүп жатат. Ат тезегин кургатпай каттагандар, телефон чалып ал жайыңды жатындашыңдан артык, эзиле сурагандар көбөйдү!
Регионалдык биримдике чакырган ураандардан дагы куру жалак эмеспиз! Мына, өзүмдүн тоңдук Балбак Түлөбаев иним «Тоңдуктар биригели, үч мандатка ээ бололу»,- деген клич таштап жиберсе, ошол эле Тоңдук Сыймык Жапыкеев иним дагы «давай көлдүктөр жалпы ынтымака келели»,- деп Балбак агасынын «кличинин» масштабын областтык деңгээлге чыгарып жиберди. Анан эйфория менен бир аз таарынычтар да айтылып кетип, Сыймык иним, агасына кошуп, баарыбызга таарынып, адаттагыдай «Таласка кетем», дебей «Ханойго» кетем дегени кызык болду! «Эр чекишпей, бекишпейт», койгула «браттар» бир ачууңарды мен сурап алайын, инилерим! Чыны ынтымакка не жетсин! Бирок, тамаша чындан айтканда мисалы; нарындыктар чогуу биригели десе тиги тасмадагы, жаш милиционер иним «жоок байкеси Кочкор эзели Нарынга кирбейт», дегендей, Токтогулдук Сыймык Бейшекеев менен Осмон Турдумамбетов инилерим жарыша, «ээ Мурат аба, Токтогул Жалал-Абадка кайнаса каны кошулбайт»,- десе эмне дейм деп эле башым маң!
Эми бул тамаша, бирок сөздүн ток этээр жерин айтсак, биздеги азыркы баш мыйзамдагы партиялык система күчүндө турганда, шайлоодо аймак-аймак боюнча биригүү эч бир логикага жатпаган догма болоору абзел да! Кеп чынынан бузулбасын, азыр, ошо «биригебиз»,- дегендердин баары, шайлоонун шайтан оюндары башталаары менен ар-кимиси, ар-кайсыл партиянын этегин кармап кетери бештен белгилүү да! Бирок, кандай айтсак да кол куушуруп отуруп бербей, баары бир жаңыланууга, өзгөрүүгө барышыбыз керек! Антпесе жетчү чегибизге жакындап калдык окшойт! Турмуш, акыркы окуялар, ЖК депутаттардын абалы буга жакшы далил болмокчу. Ыймандай сыр, башыбыздан далай шайлоолор өтпөдүбү. Жакшы эле парт лидерлерден, «Мурат Каленович сизди депутат кылам, дагы, дагы...»,- деген убадаларды уккандыгым чын! Мугалим жаным көп учурда убадаларга чындап ишенип алып, пенде эмеспизби далай кыялданган учурларым болгондугу чындык.
Аттиң, каражатың жок Ажыга бара албагандай, акчаң жок «вообщем» депутат боло албайт экенсиң! Ал тиги айтылган сөздөр Ошто «чайлашабыз» дегендей эле, айтылган жеринде кала берээрин кайдан билейин! Анан ошонтип шайлоо жакындаганда эле акча маселеси кайра-кайра козголуп, кыйыган кептер чыга баштаганда эле, өзүң эле «кой көчүктү кыскан бай болот», дегенди эсиңе алып, акчаңдын, айлаңдын жоктугунан, чаң ызгып асманга учуп кеткен кыялдарыңа кол булгалап кала берет экенсиң! Ошол сени кыялга батырган баатырларың болсо эч нерсе болбогондой, далыңа таптап «биз жеңгенден кийин баары болот»,- дагы кайрадан үмүттүн шооласын жаккан убадаларды айтып жүрө беришет экен да. Чыны жеңип да көрдүк, бирок... «Мечтать не вредно»,- дегендей, бир кездеги «акчам болгондо бардык агартуучуларды, акын жазуучуларды, соцкызматкерлерди бир муштумга бириктирип алып «Агартуу» деген аталыштагы партия түзүп, чыныгы карапайым, эл кадырына тээ инсандарды көтөрүп, кайрадан элибизди улуттук менталитеттин чегинде агартуу иштерин колго алсак деген учкул кыялдарым кыял боюнча көңүлүмдүн капасынан чыга албай кала бергендиги өкүндүрөт!
Балким келечекте дагы бир азамат ушул кыялымды ишке ашыраар деп үмүт арткым келет! Болду, кыялдар түбүнө ким жетсин. Сөздүн кыскасы досторум тамашалап айтканда мен, ойлонуп отуруп, Мен деле аз болсо да өзгөрүүгө баргым келди, далай уйкусуз түндөрдү ойлонуп өткөрдүм, чын эле элди ойлонгондо «уйкуң да келбей калат экен». Сөз башында кантип жаңыланабыз, өзгөрүлөбүз дегенди ойлонуп отуруп, мен деле колумдан келишинче жаңыланып көрөйүн, мына эмесе деп чачымды шыпырып салдым! Ээ досторум бул чачым, «дорогой Леонид Ильичтин» шыпшынганына күбөө болуп, Андроповдун «андроповский» даамын татып, Черненконун сенектигин көрүп, Михаил Сергеевичтин «кайра куруусуна» кудуңдап, Акаевди алгачкы күндөн ардактап, бирок апчебизге ачууланган, Бакиевди барктаган, кийин тикесинен тик туруп сатпаган, төңкөрүштөн кийин УӨлордон куугунтук, Розанын тикени сайылган, Ашанын ашмалтай башкарусуна күбөө болгон чачы! Кайран чачыма, так айтканда 37 жылдан бери устаранын мийизи тийбептир! Мына мен ушинтип өзгөрүлүп жатам.
Ошондуктан шайлоого бара жаткан партиялар силер да өзгөрүлгүлө. Мурунку кадамыңар мурунку убада, тизмеңер менен барсаңыздар анда бул шайлоодо сиздерге «кака» да жок болушу мүмкүн. Мисалы, мен шайлоодо кайсыл партияда элеттик мугалимдер, врачтар, акын жазуучулар, окумуштуулар көп болгон болсо ошону колдоого аламын! Ошондуктан ойлонгула бурадарлар! Эми жыйынтыгында, тамаша чынга туура түшүнүп «с пострижкой»,- деп куттук айтып чекеге «тарс» эттирип чертип койсоңуздар таарыныч жок досторум!
Мурат Жетимишбаев, элдик серепчи
Булак: NazarNews.kg