www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жакында Кыргызстанда тематикалык телесериалдарды тартуу үчүн Маданият, маалымат жана туризм министрлигине 30 миллион сом бөлүнгөндүгү тууралуу кабар түшкөн.

Ушул темага улай активист Асранкул Жээнкулов кыргыз сериалдарын тарткан адамдар аз санда, тарткан кишилер (мисалы, Ырыс Окенова) тууралуу да туура эмес маалыматтарды таратып, “соттон сотко дердеңдетип чуркатып жатасыңар” деген ою менен бөлүшкөн.

Эскерте кетсек, “Ак Шоола” телесериалына кеткен чыгымды “250 миң долларга тартылган"- деген туура эмес маалымат таратканы үчүн Ырыс Окенова "Азаттыкты" сотко берген.

Соттук отурумга “Азаттыктын” бир да өкүлү келбегендигин NazarNews.kg маалымат агенттигине белгилүү режиссёр Ырыс Окенова өзү билдирген.

 Бул тууралуу биз “Азаттыктын” Бишкектеги жетекчиси Айзада Касмалиевага комментарий алуу үчүн кайрылганыбызда:

“Сот отуруму 20-январда саат 10:00дө болмок экен, ал эми соттук отурум тууралуу маалымдама бизге түштөн кийин саат 14:10до келди. Ошондуктан сот отурумуна бара албай калдык. Кийинки соттук отурум 29-январда болот, “Азаттыктын” өкүлдөрү ошол отурумга барат”,- деп билдирди ал.

 “Сериалга кеткен чыгымдын суммасын активисттер кабарлаган. Бул маалыматты тактоо үчүн КТРКга байланышсак, чыгымды алар да так билбестиги аныкталды”,-деп кошумчалады Айзада Касмалиева.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости