www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Көрүнүшү кадимки көк жал карышкырга окшош жаныбарлар, итти тирүүлөй мүлжүп жатышат. Адамдардан айбыкпаган бул жандыктар, шаарга кирип келишкенин видеодон байкоого болот.

Бул туурасында интернетке чыккан маалыматтарга таянсак, окуя, 20-январда Орусиянын Калуга шаарында катталган. Анда белгилүү болгондой, түнү менен бир нече жергиликтүү тургун куткаруу кызматына кайрылышкан. Алардын айрымдары коркконунан бак-дарактардын башына чыгып кетишссе, айрымдары унаасынан чыга албай калышканын билдиришкен.

  

Ал эми кече, 21-январда Орусиянын Айыл чарба министрлиги - жаныбарлар карышкыр эмес карышкыр сымал иттин өзгөчө түрү экенине ишендиришүүдө. Анда айтылгандарга ишенсек, 1950-жылдары Чехословакиядан алынып келген. Анткен менен мындан Калугалыктарга жеңил болгон жок.

Ошентип бүгүн, 22-январда жергиликтүү полиция мергенчилер менен биргеликте, карышкыр сымал жандыктарды жоготууга киришкени тууралуу маалыматтар айтылууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости