www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдиргендей, 2026-жылдын 1-январына карата Кыргызстанда 5 547 бош вакансия катталган. Эң жогорку суроо-талап жумушчу кесиптерге байкалууда.

Учурда республика боюнча расмий жумушсуздуктун деңгээли 1,3 пайызды түзөт. Иш менен камсыз кылуу кызматтарында каттоодо турган жумушсуз жарандардын саны 56,5 миң адамга жетет, алардын ичинен 38,1 миңи расмий түрдө жумушсуз катары катталган. Иш менен камсыз кылуу кызматтарынын көмөгү менен 17 454 жаран жумушка орноштурулган (2025-ж карата)

Төмөнкү кесиптер боюнча бош жумуш орундары бар:

Кызматтар боюнча – 1296:

* мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жана мектептердин тарбиячылары – 350;

* медициналык кызматкерлер (дарыгерлер, медайымдар, фармацевттер, санитарлар) – 320;

* кассирлер – 151;

* сатуу агенттери – 63;

* мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер – 36;

* менеджерлер – 95;

* бухгалтерлер – 150;

* юристтер – 24;

* экономисттер – 40;

* администраторлор – 96;

Жумушчу кесиптер – 4 251;

* компьютердик адистер – 253;

* ашпозчулар – 420;

* соода агенттери – 400;

* тигүүчүлөр – 1 850;

* ширетүүчүлөр – 150;

* курулуш тармагындагы кызматкерлер (айдоочу, механик, ширетүүчү, жыгач уста, токарь, слесарь, бетон куюучу ж.б.) – 373;

* айдоочулар – 1 000;

* тейлөө тармагынын кызматкерлери (чач тарач, маникюр чебери, официант, косметолог, курьер, ашпозчу, кондитер, наабайчы ж.б.) – 178.

Орточо айлык маянага токтолсок, Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, ал төмөнкүдөй түзөт: финансы тармагында – 67 121 сом; өнөр жай тармагында – 66 990 сом; транспорт тармагында – 58 657 сом; курулушта – 57 472 сом; соода-сатык тармагында – 47 125 сом; айыл чарба тармагында – 33 462 сом; кызмат көрсөтүү тармагында – 29 679 сом; саламаттыкты сактоо жана социалдык тейлөө тармагында – 28 082 сом; билим берүү тармагында – 27 054 сом; маданият тармагында – 24 861 сом.

Жумушка орношуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кененирээк маалыматты аймактык иш менен камсыз кылуу кызматтарынан алууга болот.

Последние новости