www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Европа биримдиги АКШ Гренландияны күч менен кошуп алууга аракет кылса, Европадагы америкалык аскер базаларын жабуу же жок кылуу коркунучун басым куралы катары колдонушу мүмкүн. Бул тууралуу The Economist жазды. Басылманын маалыматына караганда, Рамштайн сыяктуу базалар АКШнын Африка жана Жакынкы Чыгыштагы аскердик операциялары үчүн маанилүү. Ошол эле учурда мындай кадам Европадан коргонуу чыгымдарын олуттуу көбөйтүүнү талап кылат жана соода согушу бюджеттерге сокку урушу ыктымал.
АКШ президенти Дональд Трамп Дания, Норвегия, Швеция, Франция, Германия, Улуу Британия, Нидерланддар жана Финляндия үчүн бажы төлөмдөрүн 1-февралдан 10 пайызга, 1-июндан 25 пайызга чейин көтөрөрүн жарыялады. Бул алардын Гренландиянын АКШга кошулушуна каршы позициясы менен түшүндүрүлдү. Чаралар АКШ аралды сатып алганга чейин күчүндө болот деп айтылды.
Гренландия Дания Падышалыгынын курамына кирет. Дания менен Гренландиянын бийлиги АКШны аймактык бүтүндүктү сыйлоого чакырып келет.
Ошол эле учурда Россия Гренландия маселесинде Даниянын аймактык бүтүндүгүн колдоп чыкты. Британиялык аскер аналитиги Александр Меркуристин айтымында, бул кадам Европада жана Москваны сындагандар арасында башаламандык жаратты. Ал Трамп Гренландияны кошуп алуу чечимине бекем туруп алганын да белгиледи.