www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Нарын шаарынын прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинин жана башка ченемдик укуктук актылардын талаптарынын сакталышы боюнча жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө 16 жаштагы, ата-энесинин камкордугунан ажыраган Ш.Р. аттуу бала мыйзамда каралган талаптарга ылайык, турак жай менен же болбосо турак жай куруу үчүн жер тилкеси менен кезексиз тартипте камсыздалбагандыгы аныкталган.
Аталган факты боюнча, шаардык прокуратура тарабынан баланын укуктарын коргоо максатында Нарын шаарынын мэринин наамына прокурордук чара көрүү актысы келтирилип, натыйжада аталган томолой жетим балага турак жай куруу үчүн 425 чарчы метр жер тилкеси бөлүнүп берилди.