www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан менен Түркия кыргыз жарандарын Түркияда акысыз дарылатуу программасын кайра жандандырууну макулдашты. Бул боюнча Саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Мекин Мустафа Кемал Өкем менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Макулдашууга ылайык, жыл сайын 150 кыргыз жараны Түркияга мамлекеттик квота менен акысыз дарыланууга жөнөтүлөт. Анын 100үн Түркиянын элчилиги, калган 50 квотаны Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги бөлүштүрөт. Бул мүмкүнчүлүк оор жана татаал дарылоого муктаж бейтаптар үчүн өзгөчө маанилүү.

Мындан тышкары, Бишкектеги Режеп Тайып Эрдоган атындагы кыргыз-түрк ооруканасында органдарды трансплантациялоо операцияларын жүргүзүү, ошондой эле кыргызстандык дарыгерлерди Түркияга 3–6 айлык тажрыйба алмашууга жиберүү боюнча келишимдер каралды. Бул өлкөдө жогорку технологиялуу медицинанын өнүгүшүнө шарт түзөт.

Аталган кызматташтык 2014-жылдагы эки тараптуу келишимдин алкагында ишке ашат. Пандемияга байланыштуу токтоп калган программа кайра жанданса, кыргыз жарандарын сапаттуу медициналык жардам менен камсыздоого жана улуттук саламаттык сактоо системасын чыңдоого олуттуу салым кошмокчу.

Последние новости