www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Учурда Кыргызстанда алты авиакомпания туруктуу каттамдарды беш багыт боюнча учуруп жатат. Бул тууралуу Жарандык авиация агенттиги өзүнүн расмий сайтында жарыялады.

Жергиликтүү Avia Traffic компаниясы аптасына эки ирет Түркиянын Стамбул жана Анталия шаарларына барып келүүдө. Ал эми Pegasus Airlines менен Turkish Airlines компаниялары жумасына бир ирет Стамбулдан Бишкек шаарына келип кетет.

Дубай шаарына барууну каалагандар Fly-Dubai компаниясынын кызматын пайдаланса болот.

Air Arabia Шаржа — Бишкек — Шаржа багыты боюнча учса, Jazeera Airways Кувейт мамлекетинен жумасына бир ирет Бишкекке келип кетет.

Ал эми Россиянын шаарларынан азырынча чартердик каттамдар болууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости