www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бойдон алдыруунун кайсы гана түрү болбосун, акыры жүрүп ден соолукка залакасын тийгизет.

Дарыгерлердин айтымында, мындай жол менен баласынан кутулган энелер көп, бирок анын кесепети коркунучтуу экенин баары эле биле бербейт. Жогорку даражадагы врач-гинеколог, акушер, үй-бүлөлүк психолог Гүлзина Мадраимова Sputnik Кыргызстан агенттигине дары менен ишке ашкан аборттун кооптуу жактарына токтолду.

Сактангыла!

21-кылымда бойдон алдыруу дегендин өзү уят. Анткени азыр үй-бүлөнү пландаштырууда бойго бүтүрүүнүн алдын алуу үчүн спираль, дары-дармек сыяктуу ар кандай ыкмалар бар. Эгер балалуу болууга даяр боло элек болсоңор ушул ыкманын бирин колдонуңуздар. Азыркы жаштар абортту үй-бүлөнү пландаштыруу менен чаташтырып жатышат. Бул туура эмес, себеби кийин анын ден соолукка кедергиси тийип калышы мүмкүн.

Дары-дармек менен бойдон алдыруунун кесепети

Дары менен бойдон алдыруу жеңил угулганы менен башка аборттордой эле кооптуу. Аборт — денеге, ден соолукка зыян келтирүү. Дары-дармек менен бойдон түшүргөндө деле аял физиологиялык жактан да, психологиялык жактан да зыян тартат. Мисалы "мен боюман алдырдым" деген ой ал аялды дайыма коштоп, стресске кабылтат.

Ал эми физиологиялык жактан аборт азыр же эртең болбосо да кийин же жаш өткөндө сөзсүз кедергисин тийгизет. Дары биринчиден күчтүү болуп, башка органдарга туура эмес таасир этет, кан көп кетип аз кандуулукка алып келет. Дары менен бойдон алдырганда төрөгөн сыяктуу эле жатын калыбына келе элек болуп түрдүү инфекциялар кирип кетиши мүмкүн. Эң коркунучтуусу — кийин балалуу боло албай калышыңыз толук мүмкүн. Негизи эле аборт көптөгөн гинекологиялык ооруларга жол ачат. Убакытты аябай дарыгерге көрүнүп, кеңешип туруу зарыл.

Өзүм билемдикке салбагыла

Турмушка чыга электе кокустан боюна бүтүп калгандар дарыгерге да барбай, мындай дарыларды көчөдөн же базардан таап алып баладан кутулууга аракет кылышат. Бул дармектерди дарыгердин көрсөтмөсү жок ичпеш керек. Кокустан туура эмес ичип көп кан кетип калса, ден соолук эмес, өмүрүңөргө коркунуч жаратып алышыңар мүмкүн.

Удаа-удаа аборт кылдыргандар

Удаа-удаа аборт кылдыргандардын көбү денесин сатып иштеген кыздар. Мага буга чейин жети жолу боюнан алдырган ошондой кыз сегизинчисине келиптир. Ага чейинки абортторду деле мен жасаган эмесмин. Ал кыз менен кеңешип, акыл-насаатымды айтып, баланы алдыртпай койгом. Кийин жашоосу жакшы жакка өзгөрүп, мага рахматын айтып кеткен. Дары-дармек жолу менен операция аркылуу ишке ашкан аборттун айырмасы аз эле. Бойдон алдырган сайын организм стресс алат, көп кан кетип алсырайт. Андыктан аялзаты эркек менен кошулуунун алдында балалуу болууну пландабасаңыз сөзсүз сактаныңыз!

Булак: "sputnik.kg"
 

Последние новости