www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

UFC президенти Дана Уайт ирландиялык мушкер Конор Макгрегор экөөнүн интернет аркылуу жазышкандарын өзүнүн социалдык баракчасына жарыялап салгандыгы үчүн сынга алды.

Белгилей кетсек, буга чейин спортчу интернетке уюмдун жетекчиси менен Instagram (Direct) аркылуу жазышкан каттарын жарыялап салган. Анда Макгрегордун UFC ардагери Диего Санчес, Жастин Гэтжи жана Тони Фергюсон менен божомолдонгон беттештери тууралуу сөз болгон.

​Уайт өз сөзүндө Макгрегорду “эркектик сөздөн” тайды деп сынга алды.

"Атургай аялдар дагы берилген сөздү сактоо керек деген сыяктуу жазылбаган мыйзамдар бар экенин билет. Макгрегор андай мамиле кылбаш керек эле, бул абдан ыплас болуп калды”, — деди ал UFC 253 мелдешинен кийинки маалымат жыйынында сүйлөп жатып.

Ал экөөнүн сөзүндө Макгрегор менен Санчестин божомолдонгон беттеши тууралуу кеп болгонун тастыктады.

Ал эми Конор Макгрегор жакында эле Мэнни Пакьяо менен боксердук беттешүүгө чыгарын жар салды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости