www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Үй-бүлө куруу адамды канчалык өзгөртөт?

Бойдоктордун көпчүлүгү үйлөнгөн же турмушка чыккан жолдошторунун чыдамсыз, тажатма болуп өзгөргөнүн айтып, даттанышат. Чын эле ошондойбу? NazarNews маалымат агенттиги окумуштуулардын үй-бүлө ортосунда жүргүзгөн эксперименттине токтолуп көрдү.

Үйбүлө адамды өзгөртөт дейсизби?

Үйбүлө күтүү, бир ой менен чечилип калуучу нерсе эмес. Терең ойлонуп, кадам таштоону талап кылат. Дээрлик көпчүлүктүн жашоо образын өзгөрткөн көрүнүш десе болот. Бир адам менен чогуу жашоо, ага көнүүгө сабырдуулук керек. Буга байланышкан изилдөө Германияда 15 миңге жакын кишиге жүргүзүлүп, ар төрт жыл сайын адамдарда кандай инсандык өзгөрүүлөр болуп турарын изилдешкен. 

Жасалган изилдөөлөрдүн жыйынтыгында экстроверт жана инновацияга ачыктык боюнча үйбүлөлүүлөр бойдокторго салыштырмалуу артта турары билинген. Мындан улам бойдоктордун даттануусу бекер эмес экендигин байкоого болот.

Албетте, бардык адамдар үчүн бир жыйынтык чыгарууга мүмкүн эмес. Ошентсе да, үйбүлө куруунун адамга тийгизген таасирин көрсөтүүчү маанилүү факторлордун бири –  адамдын үйбүлө курганга чейинки инсандык өзгөчөлүктөрү. Айрымдар үчүн үйбүлө, өмүр боюу сүрүүчү бактылуулук булагы болушу мүмкүн. Жоопкерчиликтүү, ишенимдүү, интроверт айым менен экстроверт эркектен куралган үйбүлөнүн бекем болоору практикада далилденген. 

Муну менен катар үйлөнгөн жубайлар бара-бара окшошуп калышат деген божомолдор дагы жок эмес. Бул чындыкка коошпойт. Эгер чын болсо, көп убактан бери чогуу жашаган үй-бүлөлөр бири-бирине окшош болмок. Мичиган университетинин окумуштуулары 1200 жубайдын жеке өзгөчөлүктөрүнө тажрыйба жасап көрүшкөн. Натыйжада, окшош сапаттарга ээ адамдар бирге турмуш курары байкалган.

Жыйынтык катары үй-бүлөнүн узак өмүр сүрүшүн камсыздоочу эки сапат сунушталган: өзүн контролдой билүү жана кечиримдүү болуу. Башкача айтканда, үйбүлөнүн келечеги үчүн айрым учурларда тилди тишке катып, жубайынын айрым каталарына көз жумуп коюу керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости