www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Башкы прокуратура үй-бүлөлүк зомбулук үчүн 5 суткага эркинен ажыратууну сунуштап жатат. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын улук прокурору Нурдин Алымкулов Жазык кодексине жана Жазык-процессуалдык кодексине сунушталып жаткан өзгөртүүлөр талкууланып жаткан тегерек стол учурунда билдирди.

Анын айтымында, Жоруктар жөнүндө кодексинин 75-беренесинде үй-бүлөлүк зомбулук үчүн жоопкерчилик каралган.

«Алгач бул берене боюнча айып пул салынып, түзөтүү жана коомдук жумуштарга тартылмак. Шектүүнү камакка алууга же аны камакта кармоо боюнча кандайдыр бир иш-аракеттерди көрүүгө мүмкүнчүлүк жок болчу. Жогорку Кеңештин депутаттарынын жардамы менен Жазык-процессуалдык кодексинин 504-беренесине өзгөртүүлөр киргизилген. Ага ылайык, үй-бүлөлүк зомбулукка барган жаранды 48 саатка камакта кармоого мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Бирок андан кийин логика жоголот. 75-берене боюнча эркинен ажыратуу түрүндө жазага тартуу мүмкүн эмес, бирок шектүү 48 саатка кармалып, андан кийин коё берилет жана сотту күтөт», - деди Алымкулов.

Буга байланыштуу Башкы прокуратура үй-бүлөлүк зомбулук үчүн 5 суткага чейин камакка алууну сунуштап жатат.

Ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулукка барган жаран түзөтүү программасынан өтүүдөн баш тартса, ал үчүн дагы жоопкерчиликке тартуу сунушталууда.

Андан тышкары бир нече жолу үй-бүлөлүк зомбулук кылмышына барган жаранды 5 жылга чейин эркинен ажыратуу каралууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости