www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Азыркы убакта эмгек рыногунда керектүү деп саналган, суроо талапка ээ болгон «Үй шартында сүттү иштетүү», печка жана очок салуу, үйдүн сыртын жылуулоо, багбанчылык кылуу, ашпозчу, официант, тикмечи жана бизнести үйрөтүү боюнча кыска мөөнөттөгү курстары берилүүдө.
Райондук башкармалык тарабынан жумушсуз, аярлуу катмардагы үй-бүлөөлөргө жакындан жардам көрсөтүү, муктаждыгына жана шыгына жараша жаны кесиптерди берүү жана анын негизинде жумуш менен камсыз кылуу иштери “Ийгилик” окутуу борбору менен бирдикте алгылыктуу аткарылып келүүдө.
Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү бөлүмүндө каттоодо турган жумушсуз жарандардын ичинен 2017-жылдын 5 айында 62 адам кесиптик билим алууга жиберилди. Алардын ичинен 44 аял, 34 жаштар. Анын ичинен 1 адам 3-топтогу майып жана 10 адам аз камсыз үй-бүлөөдөн камтылды.
Жалпысынан 2017-жылы кесип алган адамдардан райондо 5 жамаат түзүлдү, анын ичинен сүттү үй шартында иштетүү боюнча Кароол Дөбө айылында “Төлөйкөн ата”, Жаркымбаев айылында “Ийгилик” жамааттары түзүлүп, Чок Тал айылында печка, очок салуу боюнча 2 жумушчу топ, Жаркымбаев айылында 6 адамдан турган тикмечи тобу түзүлүп, өз алдынча иштерди жүргүзүшүүдө. Бул иш чаранын негизинде 36 адам жумуш орду менен камсыз болушту, - дейт Ысык-Кол районундагы Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүүү бөлүнүнүн башчысы Таалай Ишенбеков.
Жазгүл Урмамбетова, NazarNews.kg
Ысык-Көл облусу