www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Майдан.kg” гезити “Сооронбай Жээнбековдун досумун, экөөбүз азыр дагы чай ичишебиз… Менин доорум эми келди”-деп дөөрүп жүргөн экс-Жогорку соттун судьясы, азыр да ал кызматка жулунуп жаткан Жакыпбек Абдрахмановдун таржымалын жарыя кылган болчу. Бул маалыматты ал киши да окуптур, ошон үчүн да ал ”Мен өмүр бою таза иштеген судьямын, а Сооронбай Шарипович мага дос эмес, антип эч жерде мактанган эмесмин”- дегенин уктук. Анын эмне шерденип жатканынын төркүнү көрсө, башка жакта экен. Анын кайрадан Жогорку сотко судья болуп барышы чечилип алган иш экен, азыркы заманда ЖСге судья жана төрага болуш үчүн сөзсүз эле президентке дос болуу шерт эмес тура. Эң башкы критерий-президенттик администрациядагы “серый кардинал”- юридикалык бөлүмдүн башчысы Манасбек Арабаевге жол тапсаң болду, ишиң оң чечилет…

Кесиптештер жазып чыккан маалыматты ортого коелу: “Жакында эле президент Сооронбай Жээнбеков Кооопсуздук Кеңешинин жыйынын өткөрүп, ал жыйында коррупция маселесин тереңдеп айтып, күч тармактарын, айрыкча сотторду катуу сынга алды эле. Ажонун сөзү жалпы коомчулукка жагып, эми элибиз ошол айтылган кептер ишке ашса экен деп, Кудайдан тилеп жаткан кези. Чынында Жээнбеков Кудай деген киши. Кудайдан коркуп, ибадат кылып, ыйман кылган адам экени атпай журтка белгилүү эмеспи. Мына ошол жыйында сот системасы такыр оңолбой, сот иштерининин көбү жең ичинен чечилип кетип жатканы, соттордун коррупцияга батканын, бир жылда 8 эле иш караган соттор бар экенин айтты эле. Ал жыйындан кийин ажо президентин аппартындагы бөлүм башчыларды касйра дайындоо боюнча буйрукка кол койгон.

Мына ошол буйрук менен Соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы Манасбек арабаев Матаевич да кайра дайындалды. 41 жаштагы Манасбек бул кызматта 3-4 жылдан бери иштеп, Кыргызстандын сот системасын өзү каалагандай калчап жаткан серый кардинал катары жалпы коомчулукка жакшы таанымал болуп калды. Бул адам тууралуу ЖМКда көп айтылып, көп сындалып жазылды. Бирок эч кандай натыйжа чыккан жок. Атамбаев да кызматтан албац албай койгон, Жээнбееков болсо сот маселеси боюнча эш туткансып, кайра дайындап, чалчактатып койду. Кыргызстанда ким сот болом десе жана сот болуп иштегендердин кызматтык абалдардын, кайра дайындоо, кызматка алуу, кетирүү ж.б. маселелердин баарын дал ушул Арабаев аркылуу өтөт. Ал ушундай кызматттык таасиринкөп эле тотторго тийгизип, айрымдарын ар кандай шылтоолор менен кызматтан кетирүүгө, сот кылып шайланууга берип келатканы тар чөйрөдө кызуу талкууга алынып келет. Манасбек Арабаевдин акыркы учурда өтө тездик менен байып жатканын жакшы мисалдар менен айтты эле.

Албетте, бул жагы түшүнүктүү дечи. Президентибиз деле сот системасы кокодон коррупцияга батканын жакшы мисалдар менен айтты эле. Ал эми бизде Бишекте судья болуу үчүн жогорку жактагы таасирдүү чиновниктерге бери жагы 50-70 миң доллар алышары айтылып келет. Буга чейин күч тармактарында серый кардинал болуп жүргөн Алмаз Матмусаев деген бар эле. Ага да көп сындар айтылып жүрүп, акыры кызматтан алынды. Сооронбай Жээнбеков сот системасы оңолсун десе, ойлонбой туруп Манасбек Арабаевди бул бөлүм башчылык кызматтан алынышы керек. Эгер эл, ЖМК тараптан Арабаевдин дарегине айтылган сындарга анчалык ишенгиси келбесе, анда жеке өз көзөиөлүнө алып Арабаевдин ишмердүүлүгүн тыкыр иликтөөгө алдырып койсо, ошол жетиштүү болот.

Кыскасы, Арабаев кызматтан алынмайынча сот системасы оңолбойт десек туура болчудай Эл ичинде жүргөн жел сөздөргө караганда (албетте макаланын каармандары муну алынын жетишинче мойнун албай, карганат), жакында эле экс-судья Жакыпбек Абрахманов менен борбордогу түштүк магистраль боюндагы “шиарный” ресторандарын биринде  жолугуптур. Эске салсак, далай былыктары билингендиктен кызматынан шыпырылган ал кездеги Жогорку соттун судьясы Жакыпбек Абдрахманов азыр кайрадан өз ордуна барууну көздөп, конкурска катышып жатат. Мына ошондуктан, ал Манасбекти чакырып, ой-да тойлоп, жапжаңы “джиптин” ачкычын карматкан имиш.

Мындай баалуу белекти бергенден кийин, Жакыпбекти жада калса Жогорку соттун төрагасы болуу шансы жогорулаганы белгилүү да Биз билгенден кийин, кайрадан бөлүм башчы болуп дайындалган Манасбек Арабаевдин буга окшогон “быкы- чыкысы” өтө көп экен. Анын минген унаасы, жашаган үйү не деген шумдук! Катардагы бөлүм башчы жүз жыл иштесе да да мындай байлыкка жетмек эмес!

Ошондо, Сооронбай Шарипович, сизди биз түшүнбөй калдык: соттордогу коррупция менен сиз кантип күрөшөсүз? Бөлүм башчыңыз өзү анык негиз башында турса, эл кайсы адилет сот реформасын күтө алат? Же улуу Манас атабыздын атын уялбай алып жүргөн бу бала сизди да “ээритип” алганбы? Сиз таза иштеген адамсыз, Сооронбай Шарипович, андыктан, улуу ишиңизге көө жаап  аткан бул баланы жок кылбасаңыз, элдин ишеничинен ажырап калышыңыз бир мүнөт…

Булак: "Майдан"

Последние новости