www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Айрым адамдар бар. Алардын жүрүшү аңги-дуңгү, өөдүк-сөөдүк. Бирок, ошол кишилер да адамдарга сын тагып, абийир, адамгерчилик деген сөздөрдү оозанып сүйлөсө жакаңды карманат экснсиң. Анткени, мындай адамдар жогорудагыдай адамдын жан дуйнөсүнүн, намыс ариетинин ыйык сөздөрүн суйлөөгө дегеле акысы жок «жандыктардын» катарына киришет. Мына так ошол адамдардын бири Камчыбек Жолдошбаев деген эме Жогорку Кеңеште дупутат болуп олтурат. Жөн эле олтура бербей, айрым учурда “дөөрүп”алмайы бар. Маселен, Жогорку Кеңештеги КТРКнын отчётун карап жаткан жыйында депутат Камчыбек Жолдошбаев Илим Карыпбековду Гитлерге теңеди.
Дегеле, салыштыруу деген эмне экенин ушул уят-сыйытты сыйрып салган «Уялчаак Шрек» билет болду бекен? Аныгында: «Гитлерди канчалык жаман көрсөк дагы, ал адамдык касиеттен кетип боюнда бар аялды ур-тепкиге алган эмес, Камчыке!»-деп айта турган киши жок. Эсиңиздерде болсо зөөкүр чалыш Камчыке Ош базарда майда-бачек сатып тирилик кылып жүргөн боюнда бар келинди тепкен жайы бар. Муну Камчыке унутуп калсада эл унута элек.
Ал аз келгенсип, карый баштаганда калжаңдап кыз келиндердин «колготкисин» айрып, милицияга түшүп жүргөнү эсинен чыккан го. Ким бирөөнү кордоп тепкилеген, алардын макулдугусуз кийимдерин айрып, зордуктоого аракет кылгандарды салыштырмалуу Гитлерге теңесе болот Камчыке. Деги, омбу-домбу сүйлөгөндү Жолдошбаев качан коёт болду экен?
Булак: "De Facto"