www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Убагында Акаевди ай менен күнгө теңеп анын ар­тынан калбай жүргөндөр кийин Бакиев үчүн “жанын берүүгө даярлардын” далайы Атамбаевдин доорун­да да анын көзүн тике карай алышпай бөйпөңдөшүп бийликке алардан өткөн тирек жоктон бетери жой­пуланып жүрүшкөн. Азыр ошондойлор Жээнбеков­дун алдында “намаз окуп” киришти. Кылгылыктын баарын кылып, кыл жип менен бууп коюушуп. Тилек­ке каршы андай “мителерден” арылуунун “вакцина­сы” жакынкы жылдары табылбайт да окшойт. Алар­дын “кылыктары” мезгилдер өткөн сайын унутулуп да кала берет. Бирок, ал “кан соргучтардан” айырма­ланып журт башындагы адамдын айткан сөзү, бер­ген убадасы, кылган иши эч качан эч убакта элдин эсинен чыкпайт. Керек болсо кылымдардан кылымга аңыз кеп болуп калк ичинде айтылып келе берет. Ошон үчүн ал хан, падыша! Бекеринен сөз кадырын баалаган кыргыз эли “хан адашса калк адашат”, “хан­дын сөзү эки болбойт” деп айткан эмес. Мамлекет­ти жетектеген адамдын жүргүзгөн саясаты эли үчүн жасаган эмгектерине жараша өлчөнөт. Бул деген бү­гүн коомчулукта болуп жаткан окуялардын баарына Сооронбай Жээнбеков жоопкер дегенди билдирет.

Ошентип... суверендүү Кыр­гыз мамлекетинин расмий бор­бору болгон Бишкек шаарынын башчылыгына Азиз Суракматов деген инсандан башка эч ким татыктуу эмес болуп чыкты. Неге, же Кыргызстандын баш­каруучу элитасында А. Сурак­матовдон башка деле мамлек­тчил, башкаруучулук деңгээли бийик, иштин көзүн биле алган мыкты кадр жокпу ? Далай түр­күн улут баткан кыргыздын ка­сиет арткан борбору, мамлеке­тибиздин жүрөгү делген борбор калаага да ушундай мамиле кы­лабызбы?

К ы я с ы б ү т т ү . 8 - а в г у с т 2018-жылы, дээрлиги жалаң олигархтардын бала-бакырала­ры, небере-чөбөрөлөрү толуп алган Бишкек шаардык кеңеши­нин депутаттарынын колу менен бир добуштан жаңы мэр жара­лат. «Азиз, Азиз, жашасын Азиз!» деген сыяктуу кошомат кептер кенен айтылып. Экс-мэр Албек Ибраимовду шайлаганда да алар ошентишкен. «Жата калып» ба­ары бир добуштан шайлаган. «Бишкек чыныгы ээсин тапты» деген алкоолор армансыз айтыл­ган. Кийин бийлик алмашып, А. Ибраимов саясий мотив ме­нен «боелгондо» ушул эле шаар­дык кеңеш 100 пайыз өзгөрүлүп «А. Ибраимов кетсин» деп бир добуштан добуш беришкен. Бул жолкусунда А. Суракматовдун талапкерлигин көпчүлүктү түз­гөн (30 депутат) коалиция алып чыкты. Анын жарымына жакы­нын КСДП фракциясы түзөт. Демек, алар мыйзам боюнча партиянын Уставына баш ийи­ши керек эле. Бирок, бир кезде партиянын лидеринин айлана­сында буту-бутуна тийбей шый­палаңдаган, анан барып шаар кеңешинин төрагасы, фракция башчысы болгон Алмаз Кенен­баев сыяктуу КСДПнын атынан шайланган депутаттары талап­керди көрсөтүп жатышканда партиянын Саясий Кеңеши ме­нен да, анын лидери менен да­гы консультатция жүргүзбөгөнү айтылууда. Тескерисинче биз ук­кан маалыматтар боюнча алар президенттик аппарат менен акылдашканы айтылып жатат. Анан ушундай хамалеон сыяктуу өзгөрүлгөн, күч кайсы тарапка оосо ойлонбой туруп ошол жак­ка оодарылган оома адамдардан карапайым шаардыктар, деги эле жалпы Кыргызстандыктар эмнени күтүп жатат?

Өткөн кылымдын 35-жылы айтылган И. Сталиндин «кадр баарын чечет, эгерде биз ар бир жерге мыкты кадрларды алып келе албасак анда эки бутубуз эки жакка талтайып, көпкө дей­ре бир орунда тыгылганыбыз ты­гылган...» деп айтканы ушундай маалда аргасыздан мээде удур­гуйт экен.

Эми А. Суракматов дегени­биз ким? Же ал ушунчалык эле кыйын кадрбы? Жооптуу делген ушул кызматты аркалап кете ала­бы ал? Аны ушу кызматка алып келүү үчүн Ак үйдүн Курман­тай Абдиев сыяктуу «серый кар­диналдары» чуркап жүргөнүн, «Курмантай акабыз болсо бий­ликтин эң бийик эшелонунда ол­тургандар менен ысык мамиледе болгон, көшөгө артындагы таа­сирдүү кеңешчи экенин тар гана чөйрө билет» деп «Кыргыз тудей» электрондук маалымат булагы да жазып чыкты. Бир кездеги «се­рый кардинал» Үсөн Сыдыковдун мисалында салыштырып. Байка­сак, ээрге али олтура элек «мэр» массалык-маалымат каражатта­рынын дээрлик көпчүлүгү тара­бынан абдан эле сынга алынууда. Эгемендикти алган жылдардан бери анын тарыхында бирин­чи жолу талапкерге карата туш тараптан мынчалык көп сын­дар айтылган эмес. Жарандык коомда жапырт туруп А. Сурак­матовдун мэр болушуна каршы көз караштарын билдирип жа­тышат. А бул эмненин белгиси?

Азиз Суракматов Кыргызстан­дагы 100 ири байлардын бири болуп айтылып келет. Ири ку­рулуш магнаты. Шаардын ар кай жерлерине калдайган кабат үй­лөрдү курган «Елизавета» аттуу курулуш компаниясына да түз ти­ешеси бар экенин тил сынагынан өтүп жатып журналисттерге өзү айтты. Мындан тышкары ага ти­ешелүү делген “Столица строй” курулуш компаниясы да көп ка­баттуу үйлөрдү курса, дагы бир “Slon” кыймылсыз мүлк агенттиги аларды сатат. Мындан тышкары бир катар курулуш компанияла­ры, кыймылсыз мүлк агенттик­тери бар. (Адатынча алардын ба­ары анын тууган –туушкандарына катталган).

Бул жигит убагында Ак үй­дүн так маңдайына болгондо да мыйзамсыз, коммерция­лык бийик үйдү салууга чейин батынып барган. Ошондой эле 2008-жылы «Ак жол» партия­сынын мүчөсү болуп турганда А. Суракматов Бишкек шаар­дык кеңешинин төрагасы, ан­дан соң шаардык архитекту­ранын башчысынын орун ба­сары болуп турганда бардык курулуштар мыйзамды бузуу менен жүргүзүлгөнү туурасын­да канчалаган ызы-чуулар чык­кан. 2010-жылы эки жыл «Ата- Журт» партиясынынын атынан Жогорку Кеңештин депутаты болуп отуруп, бирок эки жылда бир да ириет микрофонго чыгып эл өкүлү катары элдин көйгөйүн көтөрүүгө жараган эмес. ЖК де­путаты болуп турганда депутат­тык ишмердиги эмес, анын эң кымбат баадагы автомашинасы элдин эсинде калган.

Кыскасы, жаңы бийликтин кадр саясаты бул жолу да сөз жүзүндө башка, иш жүзүндө башка нукка кетти окшойт. Чы­нында, Азизбек Суракматовдун борбор калаага мэр болууга дай­ындоо аракети мыйзамдык ал­какта туура болбой калды. Се­бептер толтура...

Кенжебек АРЫКБАЕВ

Булак: "Айгай"

Последние новости