www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 16-сентябрдын кечинде, Лейлек районундагы Максат айылына жакын жерде, кыргыз-тажик чек арасындагы атышта “Бөрү” атайын тобунун кызматкери, прапорщик Равшан Муминовдун жакындарына Кыргызстандын чек ара кызматы көңүл айтты.

Чек ара кызматы Максат айылындагы жаңжалда кызматтык милдетин аткарып жатып, тажик тараптын гранатометтон аткылоосунан көз жумганын билдирди. Равшан Муминов 1978-жылы Ташкентте төрөлгөн. Анын артында жубайы, үч баласы жана карыган энеси калды.

Эске сала кетсек, кыргыз-тажик чек арасында ок атуу 21:30га карата токтогону кабарланган, окуядан 12 адам тажик жараны жаракат алган.

Чек ара кызматы жаңжалдын чыгышынын негизги себептери Бабажан Гафуров районуна караштуу Оочу Калача айылынын Бахор деген жерине белгисиз имараттын курулушу башталган.

Жыйынтыгында Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев чек арадагы абал боюнча күч органдарынын жетекчилери менен чукул жыйын өткөрүп, Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков чек арадагы абал боюнча Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин менен телефон аркылуу сүйлөшүү жүргүзгөн. Азырынча сүйлөшүү кандай жүргүзүлдү белгисиз. 

Буга чейин NazarNews маалымат агенттигине Лейлек районунун акими Баймурат Бекмуратов чек ара тууралуу маалыматты кабарлап турган. Аким, чек ара маселесинде эки элдин ортосунда келишпестиктер болуп жатканын кабарлаган эле. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости