www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Үйү жок ар бир жаран 10% ипотека ала алат

Германиянын «KFW» өнүктүрүү банкынын линиясы менен турак жайы жок ар бир кыргызстандыктын үй алуусуна шарт түзүлөт. Бул аймактарды өнүктүрүүгө багытталган программа экенин өкмөттүк аппараттын маалымат кызматы билдирет. Ага ылайык эми жылына 10 пайыздык үстөк менен өлкөнүн бардык аймактарынан там сатып алууга акча алса болот.

Маалыматка караганда, программаны ишке ашыруу үчүн «Турак жайды каржылоо» мамлекеттик ипотекалык компаниясы ишке кирет. Учурда программаны жүзөгө ашыра турган ата мекендик коммерциялык банктардын ортосунда сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Программа качан ишке киреринин так убактысы белгисиз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости