www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын базарларында Казакстандан келген ундун баасы кескин өскөнү байкалды. Учурда бир килограмм ундун баасы сортуна жараша 28 сомдон 35 сомго чейин чыгууда.

Казакстандан кирген ундун баасынын кымбатташы быйыл коңшу өлкөдө буудайдын аз өндүрүлгөнүнөн улам болуп жатканын Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги билдирүүдө.

Ал маалыматка таянсак, буга чейин Казакстандын бир тонна буудайы 120 долларга келсе, учурда 203 долларга чейин өсүп кеткен. Анын кесепетинен чекене баадагы бир мүшөк жогорку сорттогу ундун баасы 1400 сомго чыккан.

Эске сала кетсек, эки күндөн бери коңшу Өзбекстанда дагы нандын баасы кымбаттаганы айтылып жаткан. Анткен менен өзбек өкмөтү өз учурунда өлкөнү нан менен камсыз кылуу механизмдерин толук ишке ашыруу боюнча буйрук чыгарганы белгилүү. Ал эми биздин өкмөт азырынча бул маселеде үн ката элек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости