www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Үйүргө” бөтөндөр кирбейт…

Ар дайым жаңы бийлик келгенде командага өз адамдардын топтолушу эрээн деле көрүнбөй калды. Айланаңдагылардын таасиринен чыгып кетүү мүмкүнчүлүгү жок. Анткени башка оорчулук түшсө жакын санаалаштарыңа, туугандарыңа корголойсуң деген түшүнүк бар. Кезинде ичи сыйрылгандар, какыс-кукустукка туш болгондор колуңдан бакыт кушу учуп кетсе жакшылык кылышын күтпө. Ошондуктан биротоло тамырлашып кеткен ыкманын чынжырын талкалай албай келатабыз.

Убагында ат жалына казан асып, күнү-түнү элдин талабын аткарууга чамынып жүргөн мыкты кадрлардын четке сүрүлүп калышы чынында жакшы көрүнүш эмес. Ар кайсынын башын чаргытпай туурасын эле айтсак маселен, Темир Сариев өкмөт башчы болуп турганда жаман иштеди беле? Анын кандай таризде иштегенин аппараттагы эле кызматкерлерден сурап аныктама чыгарсаңар болот. Өкмөттөгү ырааттуулук, жоопкер мамиле, жумушка кызыгуу Темирдин убагында башкача сезилген. Жан дилиң менен жумушту аткарууга күчүңдү, билимиңди сарптоого даяр болор элең-деген кепти көбүнөн эшиттик. Бекем чыйралып бараткан аркандын кайрадан бошоп калышына себепкер болгон атка минерлер деле оңбой калышты.

Тилекке каршы ит күлүгүн түлкү сүйбөйт болуп турушат азыркы чылбырды кармагандар. Анан эле тыңгылыктуу кадр жок деп жер тепкилейбиз үнүбүздү алсыз чыгарып. Такшалган, кагылып, согулган, иштин көзүн билген кадрлар болсо кызматтан алыстап бош жүрүшөт. Калыс сөздү айткандан кысынбашыбыз кажет. Эгерде Бишкектин мэрлигине Т. Сариев келгенде чарк айландырып, шаардыктардын көйгөйлүү маселелерин кыска мөөнөттө чечип салмак. Азыркыбыз аман эле болсун. Эжелеп кыргызча окуган, бизнестен бөлөк нерсеге тиши өтпөгөн киши эмнени кыйратат? Деги үстүдөгүлөрдүн көзү качан акыйкаттыкты даана көрүүгө жарар экен? Убакыт болсо зымырап өтүп, күндөр айга, айлар жылга тогошуп кетип баратат. Учкан кушту кантип кармай алмакпыз? Ойгон, ойлон бийлик деп какшай берсек үмүтүбүз акталар бекен?

Булак: "Ачык сөз"

Последние новости