www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайдын Ухань шаарында тарап жаткан вирус 20 дан ашык мамлекетке тарап кеткендигине жана аталган оорудан каза болгондордун саны күн санап өскөндүгүнө байланыштуу, Токио шаарындагы жайкы Олимпиада оюндарынын өтүшү коркунуч алдында турат. Мындай тынчсыздануусун мелдешти уюштуруу комитетинин башчысы Тосиро Муто, Паралимпиада оюндарынын уюштуруучулары менен жолугушкан учурда билдирди.

Анын айтымына караганда, Жайкы олимпиада оюндары 2020-жылдын 24-июлунан 9-августуна чейин Япониянын борбору Токиодо өтмөкчү. Бул мелдеште медалдын 339 топтому ойнотулат.

"Коронавирус инфекциясынын жайылышы оюнга кедергисин тийгизчүдөй. Мени бул абдан ойлонтууда. Токионун өкмөтү жана мэриясы менен кызматташканда инфекцияга каршы бардык аракеттерди көрүп жатканыбызга ынанышыбыз керек. Жакынкы убакытта маселе чечилет деп ойлойм", — деп билдирди Муто

Булак: NazarNews.kg

Последние новости