www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2019-жылдын 5-августунда КР Башкы прокуратурасы тарабынан Алина Шаиковага карата Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жызы кодексинин 319-беренеси (коррупция) боюнча кылмыш кылгандыгы тууралуу билдирме жөнөтүлүп, ал издөөгө жарыяланган. Сотко чейинки териштирүүнүн алкагында Алина Шаикованы издөө иштери уланууда. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы маалымдады.

Маалыматка караганда, соцтармактарда жарыяланган «ИНФОКОМ» Мамлекеттик ишканасынын мурунку директору Талант Абдуллаевдин видеосуна УКМКнын эч кандай тиешеси жок.

Эске салсак, YouTube каналында “Инфоком” мамлекеттик ишканасынын мурдагы директору Талант Абдуллаевдин видео   көрсөтмөсү жарык көргөн. Анда ал мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы жетекчиси Алина Шаикова жалпы жарандык паспортторду даярдоо үчүн өткөрүлө турган тендерде Литвалык “Гарсу Пасаулис” компаниясын колдогондугу тууралуу айтылат. Бул колдоо үчүн Талант Абдуллаев өзү дагы 20 миң доллар өлчөмүндө пара алгандыгын тастыктап жатат. Бул видео материал качан, кандай жагдайда тартылгандыгы белгисиз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости