www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
YouTube каналында “Инфоком” мамлекеттик ишканасынын мурдагы директору Талант Абдуллаевдин видео көрсөтөмөсү жарык көрдү. Анда ал мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы жетекчиси Алина Шаикова жалпы жарандык паспортторду даярдоо үчүн өткөрүлө турган тендерде Литвалык “Гарсу Пасаулис” компаниясын колдогондугу тууралуу айтылат. Бул колдоо үчүн Талант Абдуллаев өзү дагы 20 миң доллар өлчөмүндө пара алгандыгын тастыктап жатат. Бул видео материал качан, кандай жагдайда тартылгандыгы белгисиз. "Азаттыктын" кайрылуусунда УКМК тасманын анык же анык эместигин тастыктаган эмес. Болгону тендер иши боюнча тергөө уланып жаткандыгын маалымдашкан.
Булак: NazarNews.kg